Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

КАЗАКСТАНДАГЫ ПАРЛАМЕНТТИК ШАЙЛООГО ДАЯРДЫКТАР БАШТАЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Үстүбүздүгү жылдын күзүндө Казакстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөрүлүүгө тийиш. Саясий партиялар ага даярдыкты азыртан көрө баштады, бирок бийлик андан да эрте даярданып алган сыяктуу

Мындан бир жарым жыл мурда Казакстанда 19 саясий партия бар болчу, бирок 2002-жылдын 19-июлунда шайлоо боюнча жаңы мыйзам күчүнө кирди жана ага ылайык, саясий партия болуп катталыш үчүн кайсы бир уюмдун сөзсүз 50 миңден кем эмес мүчөсү болууга тийиш. Эски талап боюнча, саясий партиялардын мүчөлүк санына коюлган ылдыйкы чек үч миң болчу. 2002-жылдын экинчи жарымында Казакстанда саясий партияларды кайра каттоо жараяны өткөрүлүп, ал былтыр 15-апрелде аяктады жана мурдагы 19 партиядан жетөө гана калды.

2002-жылдын ноябрында түзүлгөн "Казакстандын демократиялык тандоосу" деген уюм алгач элдик кыймыл катары катталган жана ал президент Нурсултан Назарбаевдин колдоосуна да арзыган. Бирок кийин кыймылга Назарбаевдин туугандары каршы чыгып, анын эки негизги тең-төрагасы - Галымжан Жакиянов жана Мухтар Аблязов камакка алынып, аларга каршы кылмыш иштери ачылган. Кийин Аблязов абактан убада берип, саясатка башка катышпай турганын билдиргенден соң, былтыр ал бошотулду, бирок андай кылуудан баш тарткан Жакиянов дагы эле камакта.

Кыймылдын башка жетекчилери уюмду азыр партия катары каттоодон өткөрүп, парламенттик шайлоого катышууга аракет көрө баштады, бирок эбегейсиз кыйынчылыктарга дуушар болууда. Февралдын он жетисинде кыймылдын курултайы өткөрүлүп, анда ал партия деп жарыяланды жана тийешелүү кагаздар Укук министрлигине жөнөтүлдү. Курултайда айтылган маалымат боюнча, уюмга азыр 60 миңге жакын адам мүчө, бирок "Экспресс-Казакстан" гезити 25-апрелде жазып чыкканга караганда, кээ бир мүчөлөрдүн колу жасалма коюлган деген шылтоо менен бийлик партияны каттоодон өткөрбөй коюшу мүмкүн.

Укук министрлигинин коомдук уюмдарды каттоо бөлүмүнүн кызматкери Талгат Манаевдин айтымында, партияга каршы бийликтин кандайдыр бир аракет көрүүгө эч ниети жок, бирок жер-жерлерден келген арыздар бар жана аларды текшерүү керек: "Эч кандай тергөөгө биздин эч тийешебиз жок, биз жөн гана каттоо ишин жүргүзөбүз. Бирок биз бул маселе менен байланыштуу эки телеграмма алдык жана аларда айтылган маалыматтарды текшерүү үчүн расми түрдө Башкы прокуратурага кайрылдык".

Партиянын Саясий кеңешинин мүчөсү Батыркан Дарымбеттин айтымында болсо бийлик партияга каршы бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүдө. Мисал үчүн Мангыстау дубанынын жетекчилиги ал тууралуу ачык эле айтат: "Мен жаңы эле дүйшөмбү күнү Мангыстаудан келдим. Менин көрүп-билгеним боюнча, жергиликтүү бийлик биздин партияга катуу кысым жасап жатыптыр. Бир нече шаарда болдум, бардык жерде жагдай бирдей. Жергиликтүү акимиаттардын өкүлдөрү мындан 10-15 күн мурда партия мүчөлөрүнө экскертүү жасап, эгер алар анти-Назарбаевдик партияга мүчө болсо, жаза тартаары тууралуу билдирген. Андай партияга мүчө болгондор эл душманы катары бааланып, соттолушу мүмкүн экени тууралуу да айтылган. Ошондуктан көптөгөн адам коркуп, партиядан азыр чыгып кетүүдө".

Ал эми бийликти колдогон партиялар эч кыйынчылыксыз каттоодон өтүп жатат. Былтыр октябрда түзүлгөн "Руханият" жана декабрда негизделген "Асар" партияларын Укук министрлиги дароо каттоодон өткөрдү. "Руханиятты" - Назарбаевди колдогон жазуучу Алтыншаш Жаганова жетектейт, "Асардын" төрайымы болсо президенттин улуу кызы Дарига Назарбаева.

XS
SM
MD
LG