Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:48

ШКУнун ишмердүүлүгү жакшыртылат


БИШКЕК. Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) аймактык антитеррордук структурасынын 2004-2006-жылдарга эсептелген иш-планы бекитилди. Ташкенде 29-30-апрелде өткөн аталган антитеррордук структуранын отурумунда кабыл алынган бул иш-планда башкы иш-чаралар катары аталган структуранын ишмердүүлүгүндөгү маалымат-аналитикалык, терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүү, оперативдүү иштерди жүргүзүү боюнча атайын адистерди даярдоо, антитеррордук структуранын башка эларалык уюмдар менен кызматташуусун арттыруу жана башка багыттар белгиленди. Отурумга катышкан Россиянын, Кытайдын, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын күч структураларынын өкүлдөрү ШКУнун антитеррордук структурасынын аткаруу комитетинин ишин активдештирүү боюнча да пикир алмашышты.

17-майда Ташкенде ШКУнун тышкы экономикалык ишмердүүлүгүнө жооптуу министрлер кеңешинин отуруму, ал эми 15-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун өлкө башчыларынын саммити болот. Саммитте уюмдун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча макулдашууларга кол коюлушу жана Ташкен декларациясынын кабыл алынышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG