Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

БЮДЖЕТ СОЦИАЛДЫК БАГЫТТА ТҮЗҮЛМӨКЧҮ


Кыргызстандын эмдиги жылдагы бюджетинин негизги багыттары эмитен эле ачыкка чыгууда. Өкмөт бюджеттин социалдык багытына өзгөчө көңүл бурулаарын эскертип, ага ички дүң продуктунун 9% бөлүүгө ниеттенгенин билдирди. Минтишке кийинки жылдардагы экономикалык өнүгүүнүн ургаалдуу темпи негиз берүүдө.

Өлкөнүн башкы экономикалык документи – мамлекеттик бюджеттин негизги багыттары кийинки жылдары коомчулуктун катышуусунда талкууланып келатат. Жарандык коомдун жандуу аракети менен башталып аткан жаңы демилге Батыш өлкөлөрүндө көнүмүш иш. Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүнүн кыйласын чет өлкөлөрдөн алынган кредиттер жаап келатканы деле жашыруун эмес.

Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаевдин айтуусунда, келээрки жылдагы бюджеттин негизги багыттары аныкталып, ушу тапта ал конкрет маани-мазмун алууда. Ириде макро-, микроэкономикалык туруктуулук, күтүлгөн структуралык өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгы келээрки жылдагы бюджеттин негизги параметрлерин аныктоочу белгилерден.

- Ошентип, бюджет түзүүнүн жакынкы аралык болжолу анын стратегиялык багытын аныктап, негизги көңүл бурулчу багыттарды тактап алууга негиз түзөт. Бул барып-келип жакырчылыкты жоюунун улуттук стратегиясына байланышат,- деп айтты Болот Абилдаев.

Экономикалык кеңештин жактыруусуна ээ болгон Кыргызстандын 2005–2007 - жылдардын жакынкы мөөнөт болжолуна негизделген бюджет саясатынын башкы параметрлери момундай. Аны Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаевдин өзүнөн укканыбыз оң:

- Негизги максат - макроэкономикалык турукташууну камсыз кылуу жана жыл сайын экономикалык өнүгүштүн 5% жетишүү. Инфляциянын деңгээли жыл сайын 4% ашпоосу болжолдонууда. Баса белгилеп кете турган жагдай, жыл сайын салыктарды чогултуу 1 миллиард 700 миллион сомдун тегерегинде болушун болжолдоп жатабыз. Бул ички дүң продуктуга карата 0,4% түзөт. Биз социалдык саясатка өзгөчө көңүл бурабыз. Сырттан келчү донорлордун көмөгүн кошо эсептегенде бул тармакка бөлүнчү акча болжол менен 30% көтөрүлөт.

Министрдин айтымында, саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык камсыздоо тармактарына арбын акча бөлүнөт. Мамлекеттик кызматчыларды кармоого кеткен чыгымдар кыйла азаят. Эмдиги жылдан тарта тышкы карыздарды төлөөгө 6,5 миллиард сом бөлүнө баштайт. Ички дүң продуктуга карата бюджет таңкыстыгы 2% ашуун төмөндөшү болжолдонууда.

Бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруунун амалында өкмөт киреше салыгынын бирдей өлчөмүн киргизүүнү көздөөдө. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин ырасташынча, мындай аракет “көмүскө экономиканын” коңулдан чыгышына, мамлекет казынасына арбын акча түшүшүнө алып келет.

- Жеке сектордо майда жана орто бизнесте иштегендер салыкты таптакыр төлөбөйт. Базарда отургандар да төлөшпөйт. Биздин базарда отургандардын соода жүгүртүүсү бир жылга бир миллиард доллардын тегерегинде өтүүдө. Төлөгөн салыгы болсо 3 миллион доллар. Бул деген 0,3% салык төлөнөт дегенди түшүндүрөт.

Жакындан бери бюджет долбоору бейөкмөт уюмдар, жарандык коом өкүлдөрүнүн катышуусунда талкууга алынып келатат. Мамлекеттик казынага түшкөн каражаттар тармактарга кантип бөлүштүрүлүп атканынан коомчулук кабардар болуп турушу керек. 2004-жылдын бюджет долбоору коомдук талкууга коюлуп жатканда Калкты социалдык коргоо коомдук фондунун төрайымы Лидия Фомова бул иш көбүнесе тек кожокөрсүнгө өткөрүлүп жатканын момундайча билдирген.

- Бюджет боюнча биздин сунуштарыбыздын бир да бирөө эске алынган жок.

XS
SM
MD
LG