Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:42

"АК МАРАЛ" АНСАМБЛИН НЕГИЗДЕГЕН НУРДИН ТҮГӨЛОВДУН ЭЛЕСИ


Көчкөн Сактанов, Бишкек ХХ кылым не искусстводо, не адабиятта болсун зор таланттардын кылымы болгон десек жаңылышпайбыз. Ошолордун бири - белгилүү бийчи, "Ак Марал" бий ансамблинин балетмейстери Нурдин Түгөлов.

Нурдин Түгөлов "Ак Марал" бий ансамбли 1967-жылы уюштурган. Аны Токтогул атындагы Улуттук филармонияда эң жаш жаматтардын бири деп эсептесе болот. Нурдин Түгөлов бул коллективге бүт күч- аракетин, болгон талантын жумшап, аны профессионалдык деңгээлге өстүрүп жеткирген. Анын жетекчилиги алдында ансамблдин эң алгачкы репертуары түзүлүп, кыргыз музыкасынын, фольклорунун, элдик адаттарынын турмуштук салт-санаасына кайнап чыккан бий ансамблдери эл арасында тез тараган.

Нурдин Түгөловдун жолун жолдоп, анын ишин уланткан Кыргыз Республикасынын эл артисти Мелис Алышбаев мындай дейт:

- Өз кезинде Нурдин Сооронбаевич кыргыз балет сахнасында көп образдарды түзүп, көп спектаклдерде ойногон жаш кезинде. Ошондон кийин гана балет чыгармалыгын баштаган болучу. Залкар иши "Чолпон" балети. Бийчи эжебиз Б.Бейшеналиева менен бирге Нурдин Түгөлов кошо бийлеген. Ленинграддын "Ленфильм" студиясында биздин "Чолпон" балети тартылган. Ошол жерде Нурдин Түгөлов хандын ролун, ал эми Бейшеналиева Айдайдын ролун аткарган. Биздин республикада биринчи мамлекеттик бий ансамблин уюштуруп сахнага чыгарган.

Нурдин Түгөлов 1920-жылы Жумгал районунун Чаек кыштагында туулуп, 1980-жылы Фрунзе шаарында каза болгон. Ленинградда хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1942-жылдан 1940-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында артист, 41,42,46-54-жылдары ошол эле театрда балетмейстер. 1966-77-жылдары Кыргыз мамлекеттик филармониясында "Ак марал" бий ансамблинин жетекчиси. Улуттук жана классикалык балет спектаклдеринде ал кыл мүнөздөгү образдарды түзгөн.

"Чолпон" жана "Куйручук" балет фильмдеринин сценарийин жазган. Жаштардын Бүткүл союздук жана бүткүл дүйнөлүк фестивалдарынын лауреаты. Эмгек Кызылтуу орден жана бир катар медалдар менен сыйланган.

- Жаш кезимден аны менен бирге иштешип калдым. Ал кезде бир топ жашка барып калган эле. Ачуусу келгенде бизге өзү бийлеп көрсөтүп берчү. Ошол жаштагы курагында да жеңил секирчү. Адам катары аябай жөнөкөй болчу. Ачуусу бат келчү, анан тез эле тарачу,- дейт Мелис Асылбашев.
XS
SM
MD
LG