БАГДАД. Кечээ кечке маал Амара шаарында бараткан коалициялык күчтөрдүн машине колоннасын гранатомет менен аткылоо болгон. Андан 2 америкалык аскер өлгөн. Бүгүн да коалициялык күчтөрдүн Багдаддагы бөлүгүнө чабуул болуп, дагы 2 америкалык аскер өлдү.
Бүгүн Ирактын жана коалициялык күчтөрдүн өкүлдөрү чогулушуп, Нажаб шаарындагы абалды жөнгө салуунун жолдорун талкуушат. Ал шаарды шиит мусулмандарынын жетекчиси Моктада ас-Садрдын тарапкерлери ээлеп алышкан. Ирактык делегация бийликти убактылуу өкмөткө өткөрүп бергенге чейин Моктада ас-Садрды куугунтуктабасын деп айтып жатат. Американын командычылыгынын өкүлү Меттью Сент-Пьер шаардагы абал тууралуу мындай билдирүү жасады:
- Согушчандарды жана Моктады ас-Садрдын отряддарынын куралдарын Нажабга өткөрбөш үчүн биз жолдорго кайтаруу пунктарын койдук. Бул абалды тезирээк көзөмөлгө алууга жардам берет, – деди Сент-Пьер.
Фаллужанын көчөлөрүн да коалициялык күчтөр кайтарууга алды.