Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

Ариэл Шарондун планын “Ликуд” колдогон жок


ИЕРУСАЛИМ. “Ликуд” партиясы колдобой койгону менен Ариэл Шарон кызматынан кетпейт. Израилдин премьер министри жекшемби күнү кечинде ушундай билдирүү таратты. Бирок, билдирүүдө планды мындан ары ишке ашыруу аракеттери жасалабы-жокпу айтылган жок. Планда Газа тилкесинен Израил аскерлерин жана тургундарды көчүрүп кетүү максаты белгиленген. Бирок, Шарондун партиясынын 60 пайызы планга каршы добуш берди. Планды колдобогондор Шарондун планын террорчуларга жеңилгендик катары баалашты.
Бул аралыкта Израил аскери Газа шаарына абадан сокку урду. Мындай аракет Гуш-Катиф аймагында боюнда бар аялды жана төрт баланы палестиндиктердин жардырып салгандан кийин жасалды. Ошондой эле Иордандын Батыш жээгинде төрт палестиндик өлтүрүлдү.

XS
SM
MD
LG