Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

ЭНЕРГЕТИКАНЫН ООР АБАЛЫНА БАЙЛАНЫШТУУ АГЕНТТИКТИН ЭКС-ЖЕТЕКЧИСИ ЭМИЛ УЗАКБАЕВ МЕНЕН МАЕК


Султан Раев, Бишкек Кыргызстандын негизги улуттук байлыгынын бири энергетика. Азыркы күндө энергетика экономикалык гана маселеге эмес, саясий маселеге да айланды. Өлкөдөгү Дүйнөлүк Банктын миссиясы азыркы күндө кыргыз өкмөтүнөн чукул арада электр тарифин көтөрүүнү сунуштап жатат. Бул кадам өлкөдөгү энергетика компанияларынын ички чыгымдарынын максатсыз көбөйүү кырдаалында өтө тургандыгы, тарифтик саясатты жүргүзүүнү ансайын татаалдантат. Өлкө башчысынын мындан эки ай мурда жарыяланган жарлыгынын негизинде Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы энергетика боюнча агенство директорлугуна Эмил Узакбаев дайындалган эле, арадан аз гана убакыт өтсө да ал жакында кызматтан алынды. Кыргызстандын энергетика тармагындагы проблемаларды камтыган серептин биринчи бөлүгүн экс-директор Эмил Узакбаев менен болгон маектен баштамакчыбыз.

- Сиздин Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы энергетика боюнча агенствого директорлук дайындалганыңызга эки айдын жүзү болбосо дагы, кыска мөөнөттүн ичинде иштесеңиз дагы жакында президенттин Указы чыгып, кызматтан алынып калдыңыз. Бул маселе боюнча биздин радиоугармандарыбыз дагы аябай тынчсызданып сурап жатышат. Өзүңүздүн оозуңуздан угалы дедик эле. Анын негизги себептерин сиз эмнеден көрөсүз?

- Биринчи себеби мен ойлойм, бүгүн Кыргыз энергетикасы Кыргызстан үчүн №1 стратегиялык тармак болуп эсептелип калды. Кыргызстандын келечеги, өнүп-өсүшү, экономикасы дагы энергетикага байланышкан. Ушундай кырдаалда өкмөттүн алдындагы мамлекеттик агенствонун эң негизги милдети тарых саясатын алып баруу. Бүгүн тарых саясаты жалаң гана экономикалык маселе эмес, саясий маселе болуп калды десек жаңылышпайбыз. Мен энергетикалык агенствосунун жетекчиси болуп келген мезгилге дал келгени, энергетикага, элге болгон тарифти көтөрүү маселесине туш келип отурат. Албетте, саясатта, өкмөттө бир топ жылдан бери иштеген катары түшүнөм, Кыргызстандын биздин донорлорго берген убадаларына карабастан негизги маселени карашыбыз керек. Алакандай кыргыз элинин, 5 миллионго жетпеген калыкынын акыбалы кандай? Социалдык кандай турмушта жашап жатат? 60 пайыздан ашык элибиздин баардыгы жакырчылыкта жашап жатат. Ошонун баарын эсепке алганда бүгүнкү күндө тарифти көтөрүү бул кыргыз элинин душманы катары кабыл алууга туура келет. Эч качан мен кызмат үчүн, саясат үчүн, байылык үчүн өзүмдүн элимди сатпайм, саткан да эмесмин. Бүгүн кыргыз эли тарифти көтөрүүгө даяр эмес, көтөрө албайт дагы.

- Сиз азыр айтып өттүңүз энергетика экономикалык гана маселе эмес, саясий маселе деп. Азыркы тариф саясатын көтөрүү боюнча түзүлүп жаткан кырдаалды, биздин президентибиз Аскар Акаевичтин жүргүзүп жаткан саясаты КОР программасынын негизинде, жакырчылыктын негизинде жүрүп жаткан саясатына жасалып жаткан энергетика тармагындагы саботаж катары баалабайсызбы?

- Канчалык жакыр эл аз болсо, турмуш оңолсо, экономика жанданса өлкөнүн өсүп-өнүгүшү жакшы болот. Ушунун баардыгы биздин энергетика менен байланыштуу. Ушул эле учурда мен ачык айтып койгум келет, энергетикада көп жылдардан бери өздөрүнүн тамырын кое берип, терең тамырланып калган бир топ структуралар бар. Алардын башында кыргыз элине атагы чыккан инсандар иштеп келе жатышат. Мен ойлойм булар бүгүн президентке жардам берип, колубуздан келишинче экономиканы оңдогонго аракет кылабыз деген ойду айткан менен тескерисинче Кыргызстандын өнүгүшүн артка тартып, коррупциянын өнүгүшүнө алып келип жатканын ачык айткым келет. Энергетикада болуп жаткан кырдаал бүгүн жөнөкөй кыргыз элинин төбө чачы тик тура турган цифраларга алып келе турган миллион эмес, миллиарддаган сомдорду жокко чыгарып жаткан уюмдар бар. Кыргызстандын өнүшү үчүн булардын зыяны өтө чоң деп айткым келет. Мен эки айдын ичинде иштеп, кылдаттык менен талдап көргөн цифралардын баарын далилдеп турат. Мен ойлойм, учуру келгенде бул цифралардын баардыгы ачыкка чыгат, айтылат, себеби энергетика бул Кыргызстандын келечеги. Эгерде Аскар Акаевич туура түшүнүп, боло турган келечекте биз берген материалдарды президентке жетсе, эгерде жетпей калса ошол маселени өзүнөн суратып, кылдаттык менен талдап алса, бир топ чоң реформалык өзгөрүүлөр жүргүзүлбөсө эч качан энергетика оңолбойт. Энергетика оңолбосо Кыргызстандын экономикасы оңолбойт.

XS
SM
MD
LG