Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:07

ЧЕТ ӨЛКӨНҮН ТҮРМӨЛӨРҮНДӨ КАНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫК АТУУЛ БАР, «ТЕМИРДИ СЫРТКА ТАШУУНУ ТОКТОКСОК», КЫРСЫККА КАБЫЛГАН АЛИК АКИМАЛИЕВ


4- майда жарык көргөн “Агым” басылмасында өлкөнүн 24 атуулу Кытайда барымтада, Араб өлкөлөрүндө 30 кыз- келин түрмөдө жаткандыгы жөнүндөгү макала жарыяланса, ал эми “Адабий гезит” басылмасы өлкөнүн эл акыны Абдрасул Токтомушевдин чыгармачылыгына арналган макалага орун берди.

4-майда, бүгүн жарык көргөн “Агым” басылмасында журналист Жолдошбек Зарлыкбеков өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин консулдук башкармасынын жетекчиси Руслан Казакбаев менен маектешкен. Анда мигранттардын тагдыры,чет өлкөлөргө чыгып, иштеп же баш калкалап жаткан атуулдардын абалы жөнүндө сөз болот.

“Кытайда 24 кыргызстандык карыз барымтада жатса, алар 8 гана адам деп жашырып жатканы, анын экөө бошотулганын, Араб өлкөлөрүндө миңге жакын кыргызстандык кыз- келиндер сойку болуп жүрүп, анын 30у паспорт эрежесин бузганы, ичимдик ичип, сойкулук кылганы үчүн түрмөдө түшкөнүн, ал эми Орусиянын түрмөсүндө 764 кыргызстандыктар камалып, Өзбекстанда болсо 220 адам камалып турганын, аларды куткаруу кыйынга тураарын” белгилейт консулдук башкарманын жетекчиси Руслан Казакбаев.

Ушул «Агым» басылмасында дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- «Парламенттик саат» рубрикасында өкмөттүн коопсуздук кеңешинде каралган маселелерди депутат Кубатбек Байболов укук коргоо органындагы кризис катары баалап, өз ойлорун айткан. Ошондой эле Жогорку кеңештин эл өкүлдөр жыйынын депутаты Жеңишбек Эшенкуловдун «Темирди сыртка ташууну токтотсок» деген маеги берилди. Орусияда соода- сатык кылып жүрүп, көп кыйынчылыктарга дуушар болгон ишкер жигиттин ойлору, дүйнөдө болуп жаткан кырсыктарга карата журналист Мамат Сабыровдун көз- карашы, үй бүлөө тууралуу Жамила Таштанбекованын «Биз экөөбүз» аттуу макаласын жана «Дасмия» фирмасынын жетекчиси Турусбек Мамашевдин ишкердиги, балалык жана жаштык кези тууралуу макаланы, кабарчы Айнагүл Сапарбек кызынын жаштарга арнаган атайын бир беттик материалдар топтомун окуй аласыздар.

Шаршембиге жасууга даярдалып жаткан “Адабий гезитте” Кыргыз эл акыны, маркум Абдрасул Токтомушевдин башынан кечирген кыйын күндөрү, чыгармачылык өмүр жолу жөнүндө сөз болот. Ошондой эле жазуучу жана журналист Жумакадыр Эгембердиевдин чыгармачылыгы, Кыргыз радиожурналистиканын өзгөчөлүктөрү тууралуу да макалага орун берилүүдө. «Адабий гезит» басылмасындагы макалалардын мазмуну тууралуу жооптуу редактор Асанбек Кулманбетов мындай дейт:

- «Кырчын» журналынын баш редакторунун орун басары, жазуучу Топчубай Субанбековдун чыгармачылыгы, өспүрүмдөр басылмасынын көйгөйлөрү тууралуу да макала бар. Жаш окурмандардын ырларына да орун бердик. Алар «Ырларым- менин сырларым» деген рубриканын астында жарык көрдү. Мындан сырткары Назгүл Калманбетованын «Өгөй кыз» аттуу повестинен үзүндү, «Кайынатанын каргышы», «Бечера эненин көз жашы» деген чыгармалардан сандан санга уланып берилүүдө. Жаңы китептердин мазмуну тууралуу да баяндама бар. Кырсыкка кабылып, ооруканада жаткан акын Алик Акималиевге кабарчыбыз жолугуп,ал- абалы менен окурмандарды кабардар кылат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG