Пенсиянын орточо өлчөмү учурда 638 сомду түзөт. Акыркы ирет пенсия 2003-жылдын июль айында 9 пайызга көбөйтүлгөн. Ага чеийн орточо пенсиянын көлөмү 560 сомго барабар болгон. Ал эми өлкөдө пенсионер үчүн керектөөнүн мимималдык өлчөмү 1200 сомду түзөт. Башкача айтканда, пенсия республикадагы керектөөнүн минималдык өлчөмүнөн 2 эсеге, ал эми орточо айлык акыдан 3 эсеге төмөн.
1-апрелден тарта пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү 15 пайызга көбөйтүлдү. Башкача айтканда, орто эсеп менен 20-30 сомго жакын акча кошулду.
Соңку жылдары мындай көбөйтүүлөр бир нече ирет болду. Бирок пенсия курагындагылардын, кары-картаңдардын социалдык абалы начар бойдон кала берүүдө. Калкты социалдык жактан коргоо уюмунун төрайымы Лидия Фомова пенсионерлердин бүгүнкү абалы жөнүндө мындай дейт:
- Кыргызстандын пенсионерлери өтө кыйын абалда жашап жатышат. Пенсиянын өлчөмүнүн жогорулатылышы бизге эч нерсе бербейт. Андан биздин жашообуз жакшырбайт. Өтө аз өлчөмдө кошулат. Эмне деп айтабыз? Улуу атамекендик согуштун катышуучусу нан алганга өзүнүн орден, медалдарын сатууга аргасыз болуп жатат.
Ал эми Бишкек шаарынын тургуну, пенсионер Тамара Романова өзүнүн көйгөйүн мындайча билдирди:
- Биздин пенсия коммуналдык төлөмдөргө да жетпейт. Базарга барсаң баары кымбат. Биз көптөн бери эттин да даамын унутуп калдык. Биздин турмуш өтө оор.
Пенсия курагындагы Айнаш Курманбекова да пенсия жетишсиз деген пикирде:
- Пенсия эч нерсеге жетпейт. Коммуналдык кызматтар үчүн араң жетиштирип төлөйбүз. Кийимге, тамак-ашка эч нерсе жок калат.
Айрым пенсионерлер ондогон жылдар бою ден-соолугуна зыяндуу ишканаларда иштеген. Ага карабастан аларга кошумча акча төлөнбөй келет. 66 жаштагы Осмон Мырзабеков буга байланыштуу:
- Мен ден-соолугума зыяндуу ишканада иштедим. Бирок мага азыр кошумча акча төлөп беришпейт. Мурда өмүргө зыяндуу ишкана-мекемелерде иштегендерге компенсация катары акча төлөнчү. Азыр мунун баары жоголду, - дейт.
Соңку мезгилде жер-жерлерден Бишкекке келип соода-сатык кылууга мажбур болгон пенсионерлердин саны көбөйүүдө.
Жалалабат облусунун Базаркоргон районунун Мундуз айылынан келип, соода-сатык кылып жүргөн пенсия курагындагы Калия Аскарова эмне себептен бул жерге келип иштөөгө аргасыз болгондугун мындай чечмеледи:
- Менин алган пенсиям 300 сом. Бир кап унга да жетпейт. Пенсия - жок дегенде бир кап унга жетсе эмне. Эми айла жок, турмуш ушундай.
Бийликтини айрым өкүлдөрүнүн пикиринде, өлкөдө пенсионерлердин абалы өтө оор деп айтууга болбойт. Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиеванын пикирин уксак:
- Пенсионерлер акчаларын өз убагында алып жатышпайбы. Пенсия аз, бирок бизде картошка, нан арзан болуп жатпайбы. Эт деле анча кымбат эмес.
Кыргызстанда пенсиянын өлчөмүнүн кезектеги жогорулашы кийинки жылы гана болушу ыктымал деп болжолдонууда. Бул жөнүндө жакында Бишкекте пенсионерлер менен болгон жолугушуусунда Эларалык валюта корунун Кыргызстанга келген миссиясынын жетекчиси Тапио Саавалайнен маалымдады.
Эксперттер белгилешкендей, ошол күндө да - пенсия 10-15 пайызга жогоруласа да анын көлөмү керектөөнүн минималдык өлчөмүнөн кыйла төмөн бойдон кала берет.