Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:55

ДЕПУТАТТАР КАНЧА ЖЫЙЫН КАЛТЫРЫШТЫ, АКШнын БОРБОР АЗИЯГА БЕРГЕН ЖАРДАМЫ


Баткен облусунун калкы жоголуп бараткан “Айгүлташ” гүлүн сактап калуунун аракетин көрүшүүдө. Америкалык солдаттар Ирактагы уруш маалында колго түшкөн туткундарды уруп-токмоктоп, кордоп жатышканына бейөкмөт уюмдар нааразы. Бишкектин жайма базарында жайнап чыккан чычырканак майы кандай жерде даярдалары финансы полициясына дайын болду.

Бишкектин тыңчыкма ишкерлери чычырканак, өрүк, ашкабак майы деп жашыруун жайда дарыларды чыгара баштаганын шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити жазып чыкты. Дарылыкка жарачу майларды чыгаруу иши жакшы жолго коюлган экен, деп белгилейт гезит автору Нина Ничипорова. Бирок да цех ээлери тазалык деген унутуп коюшкан сыяктуу.

Парламент депутаттарынын кыйласы жумуш маалында өз иштери менен жүрүп, негизги милдетин унутта калтырып коюшаарын Асел Оторбаева “Мыйзамдарды күтпөй эле койгула, кворум жок” деген макаласында баяндайт.

Журналист Любовь Борисенко кыргыз темир жол башкармалыгы поюзда узатуучу болуп иштегендерди бир четтен бошото баштагандыгын “Артыкбаш адамдар” деген макаласында баяндайт. Кыргыз темир жол башкармалыгында штаттан ашуун 300 темир жол узатуучу иштейт. Буга кошумча темир жол окуу жайы жыл сайын ондогон бүтүрүүчүлөрдү чыгарууда. Алыскы-жакынкы аралыктарга каттачу поюздардын саны кыскарууда. Бишкектин жака-белине каттаган поюздар чыгымдан башка пайда алып келбейт, деп кабарлайт гезит автору.

Баткендин тоолорунда гана өсүүчү “Айгүлташ” гүлүн коргоо максатында жергиликтүү эл аны үй жанында өстүрүү аракетин жасап жатканы Елена Авдееванын “Уламыштан жаралган Ай гүлү” деген очеркинде баяндалган. Жазында түн ичинде гана гүл ачкан бул керемет өсүмдүктү коргоо максатында жергиликтүү эл ай чыкканда тоо боорунда кароол уюштурушат. Жергиликтүү элдин ичинен “Айгүлташ” гүлүнүн уругун сээп, аны колдо өстүрүү аракетин жасашкандар да чыгууда. Себилген уруктун көктөп чыгышы үчүн 7 жыл талап кылынат.

Ирактагы туткунга түшкөн адамдарга адам чыдагыс азаптарды америкалык солдаттар көрсөтүп жатканын “Демократ” гезити жаңы санында жарыялоодо. Басылманын электрондук версиясында жарыяланган текстте Абу-Грайб түрмөсүндө кармалган туткун аял-эркектерди америкалык солдаттар уруп-согуп, мазактап, кыз-келиндери кордошкону баяндалат.

“Евразия” электрондук сайты Борбор Азия республикаларында жакынкы жылдары өтүүчү парламент шайлоо тууралуу Америка кошмо штаттарынын мамлекеттик катчысынын орунбасары Ричард Армитейждин пикирин жарыялады. Анын айтымында, Грузиядагы бийликтин тынч-аман алмашуусу көпчүлүктүн бүйрүн кызыткан сөзгө айланды.

“Кошмо штаттар Борбор Азияга жалаң эле гуманитардык жардам эмес, жарандык коом курууга, саясий, экономикалык жаңыланууларды жүргүзүүгө, массалык кыргын салчу куралдарды жайылтпоого, кылмыштуулук менен террорчулукка каршы күрөшүүгө деп 3 миллиардга жакын доллар бөлгөн”, дейт Ричард Армитейжд.

Р.Армитейждин ырасташынча, Кошмо штаттар Борбор Азиядан барган 13 адамга билимин жогорулатууга, кесиптик даярдыгын өркүндөтүүгө, көптөгөн программаларга колдоо көрсөткөн. Бишкекте эларалык университет ачып, көз карандысыз басмакана куруп берген.
XS
SM
MD
LG