Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

ТАПИО СААВАЛАЙНЕН ЭМНЕГЕ ЫРААЗЫ?


Эларалык валюта корунун (ЭВК) миссиясы Кыргызстан жакырчылыкты азайтуу, экономикалык өнүгүүнү турукташтырууга арналган үч жылдык программанын негизги көрсөткүчтөрүн дурус аткарып жатканын белгиледи. Миссия эки апта бою республиканын экономикалык өнүгүшү, быйылкы жылдын бюджетинде белгиленген көрсөткүчтөрдүн үч айлык жылышын тыкыр көзөмөлдөп, жыйынтык бүтүмүн жарыя кылды. Ушул жылдын сентябрь айында Эларалык валюта корунун үч жылга эсептелген программасы жыйынтыкталат.

Жакырчылыкты азайтуу, экономикалык өнүгүштүн туруктуу абалын камсыз кылуу ниетинде түзүлгөн Эларалык валюта кору менен кыргыз өкмөтүнүн биргелешкен программасынын аткарылышын текшерүү үчүн миссия ушуну менен Кыргызстанга бешинчи ирет келип отурат. Миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен башта белгиленген көрсөткүчтөр дурус аткарылып жатканын билдирди. Күзгө чукул ЭВК миссиясы соңку текшерүүгө келип, программаны жыйынтыктаган бүтүмүн чыгарып, контролдук көрсөткүчтөрдүн кандай аткарылганын талдоого алмакчы.

- Бул келишибизде биз программанын контролдук көрсөткүчтөрүнүн быйылкы жылдын март айынын аягына чейинки аткарылышына көңүл бурдук. Программанын контролдук көрсөткүчтөрү аткарылганын белгилеп, ушул айдын 28-инде бүтүмүбүздү ЭВК аткаруу кеңешине тапшырабыз. Мындан тышкары Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы программаларынын баарынын контролдук көрсөткүчтөрү менен таанышып чыктык. ЭВК ресурсун пайдаланып иштеп аткан өлкөлөрдү текшерип туруу кийинки он жылда такай жасалып келатат, - деди Тапио Саавалайнен.

Миссия ишинин жыйынтыгы ЭВКнын августтагы отурумунда кенен-кесир талкууга алынып, программанын жыйынтыгы чыгарылат. Аткаруу кеңеши программанын аткарылышын дурус деп тапса ноябрь айынын аягынан тарта Эларалык валюта кору менен Кыргызстандын ортосунда келерки үч жылга эсептелген жаңы программанын долбоору талкуулана баштайт.

Тапио Саавалайнендин ырасташынча, Эларалык валюта кору Кыргызстандын сырткы карызын төлөөнү артка жылдыруу маселесин карап, анын жыйынтыгы Париж клубуна кирген өлкөлөргө жөнөтүлөт. Миссия бул келишинде салык чогултуу жаатындагы проблемалар, Улуттук банктын резерв фонду, өкмөттүн жыл аягына чейин 3 жылдык программаны аткаруу боюнча аткарчу иштерин талдоого алды.

Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаев программаны аткаруу боюнча Кыргызстан кыйла дурус көрсөткүчтөргө жетишкенин айтты.

- Т.Саавалайнен мырза айткандай, негизги милдет макроэкономикалык туруктуулукка жетишүү бойдон кала берет. Сырткы карыздардын жүгүнөн аз да болсо арылуу экономикалык өнүгүшкө шарт түзөт. Бул биздеги структуралык реформаларды жүргүзүүнүн эсебинен жетишилет. ЭВК корунун эксперттери менен ички дүң продуктунун чындап өсүшү 4,5% жеткенин белгиледик. Программада бул 4,1% деп белгиленген. ИДПнын номиналдык өсүшү 91,8 миллиард сомдун тегерегинде болушу күтүлүүдө. Макроэкономикалык туруктуулуктун пайда болушу бюджет саясатынын айрым багыттарын тактоого негиз берди.

Болот Абилдаев салык саясатында кичи бизнес салыгы өзгөрүлө тургандыгын маалымдады. Өкмөт убадасында туруп апрель айынан тарта бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлык акысын 15% көбөйтүшкөнүн, күзүндө ал дагы 15% жогорулай тургандыгын кабарлады.

Улуттук банк төрагасы Улан Сарбанов инфляциянын көлөмү Кыргызстанда эң төмөн экенин белгиледи.

- Быйылкы жылдын төрт айынын алдын-ала эсептөөлөрүнүн жыйынтыгында инфляция деңгээли 0,9% түздү. Бул Казакстан менен Орусияга салыштырмалуу кыйла аз.

XS
SM
MD
LG