Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

АСКАР АКАЕВДИН КАДР САЯСАТЫ, ЖОРЖ СОРОСТУН ТААСИРИ, МЕДЕТКАН ШЕРИМКУЛОВ «КӨЗДҮҮ МОНЧОК»


Шаршембидеги “Слово Кыргызстана” басылмасы учурунда өлкөнүн Конституциясын кабыл алган "легендарлуу парламенттин" мурдакы төрагасы Медеткан Шеримкуловдун маегин жарыялады. ”Лица” басылмасы өлкөдөгү кадр саясатын сынга алып жана “Пирамида” телерадиокомпаниясы эмне себептен жабылып, кандайча кайра чыга баштаганын иликтеди.

5-майда “Лица” басылмасынын жаңы саны жарык көрдү. Мында журналист Бермет Букашева президент Аскар Акаевдин кадрдык саясатын талдоого алып, "учурунда жакшы иштеп, элге кызмат кылып келишкен билим берүү министрлери Чынара Жакыпованы, Камиля Шаршекееваны, Ишенгүл Болжурованы, тышкы иштер министри Муратбек Иманалиевди эч себепсиз иштен бошотуп, көп жолу сыймык менен атаган Марат Султанов, Таалайбек Койчуманов жана Мира Жангарачеванын сыртка сүрүлүп калышы, тажрыйбалуу кадрлар Апас Жумагуловдун, Роза Отунбаеванын, Жумагул Сааданбековдун элчиликтерге айдалып, жан курбуга айланган Феликс Куловдун үстүнөн кылмыш иши козголуп, түрмөгө олтургузулушу жана Жумгалбек Аманбаев менен Дастан Сарыгуловдун аренадан кетиши президенттин кадрдык саясатындагы түшүнүксүз жүрүштөр” деп жазат Бермет Букашева.

Ушул басылманын кабарчысы Бек Султановдун божомолуна караганда кыргыз жергесине Жорж Соростун келиши менен саясый маанай өзгөрө баштады. «Аскар Акаев мөөнөтүнөн мурда Борис Ельциндей болуп бийликтен кетип, эл аралык абройлуу уюмда иштеп кетиши мүмкүн. Бийлик премьер-министрдин колуна өтөт, бирок ал Николай Танаев эмес, Аскар Акаевдин мураскери болот. Ал Болот Жанузаков да же Тойчубек Касымов да эмес, азырынча табышмак бойдон турат” дейт автор.

Ошондой эле, бийликтин көрсөтмөсү менен өзүнө таандык диапазондо көрсөтүлбөй калган “Пирамида” телерадиокомпаниясы Жорж Соростун келиши менен кайрадан чыга баштаганын талдоого алган маектешүүгө да орун берди.

5-майдагы “Слово Кыргызстана” басылмасында мындан 11 жыл мурда кабыл алынган өлкөнүн Башмыйзамы - Конституция жөнүндө Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ректору Чолпонкул Арабаевдин макаласы жарыяланды. “Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышына бир жылдан ашты. Мезгил талабына ылайык толуктоолор киргизилип, өлкөдөгү бардык мыйзамдардын негизи болууда” дейт автор. Ушул басылмада мурдакы "легендарлуу парламенттин" төрагасы Медеткан Шеримкулов Башмыйзамдын кандайча кабыл алынганы тууралуу кеп салат.

“Жаңы Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу 1990- жылдын апрелинде башталып, көп талаш-тартышуу жана талкуу менен ар бир депутаттын пикири эске алынып, далай электен өтүп кабыл алынган" дейт М.Шеримкулов.

Андан ары ал Түркиядан элчиликтен келгени бир нече китеп жазып, илимий иш менен алектенип жатам. “Көздүү мончок жерде калбайт” дегендей бизге да бир иш тургандыр” деген ойду айтат.

6-майда чыгууга даярдалып жаткан «Заман Кыргызстан» басылмасында Ата мекендик согуштагы кыргызстандык жоокерлердин эрдиктери, Жеңишти камсыз кылуудагы салымы тууралуу макалалардын топтому берилүүдө.

«Заман Кыргызстан» басылмасындагы айрым макалалардын мазмуну менен баш редактордун орун басары Абдыкерим Муратов тааныштырды:

- «Жеңиш күнү беле?» деген макалада Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерине көрүлгөн камкордуктар жана анын жетишсиздиги, алардын катары жыл сайын азайып бараткандыгы, совет мезгилиндегидей сый-урматтоонун азайганы, мектептердеги, окуу жайлардагы жолугушууларга чакыруу салты унутулуп калгандыгы жөнүндө айтылат. Ошондой эле согуш ардагерлеринин эскерүүлөрүнө да орун берилүүдө. Согушка кетип, 60 жыл өткөндөн кийин табылган агасына 9 жаштагы Моморова Кашымкандын жазган каты да жарыяланууда. Жазуучу Кусейин Эсенкожоевдин Курман Кыдырбаевге жазган каты, генерал Иван Панфиловдун жубайы Марияга жазган каттары ушул согуштун таасирин, ошол учурдун бир элесин окурмандарга тааныштырат. Бул ирет сандан санга басылып келаткан «Мааданбек» тууралуу да макала орун алган. Анда буга чейин басмачы, корбашы деп айыпталып келген, азыркы көз караш менен алганда белгилүү патриот Мааданбектин учурунда Ферганада совет бийлигине каршы чыккан тагдыры, катаал турмушу тууралуу баяндалат.

Ошондой эле 6-майда басууга даярдалып жаткан «Кыргыз руху» басылмасындагы макалалардын мазмуну менен гезиттин кабарчысы Уулкан
Токторалиева тааныштырат.

- Келээрки парламенттик шайлоого Карабуурадан кимдер жарышка чыкмакчы? Алар кимдер? Мына ушулар тууралуу макалага орун берилип жатат. Андан сырткары “Агрардык реформаны КОР менен корпорациялар чечеби? деген макала, “Акыйкатчыда акыйкаттык болобу?” деген макалада акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу өз ишине туура эмес мамиле кылып жаткандыгын Жалалабаддагы кабарчыбыз билдирип, макала жөнөткөн. “Саясий аренадагы саясый рейтинг” жана эт комбинатынын жатаканасынан куулгандардын кийинки тагдыры тууралуу да баяндамалар бар.”
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG