Литвада шайлоо 13-июнга белгиленген. 64 депутаттын колдоосу менен кабыл алынган мыйзамда "кызматтан импичмент жараяны аркылуу кетирилген же депутаттык мандатынан ажыраган киши беш жылга чейин президент болуп шайлана албайт" деп айтылат. Паксас жашыруун маалыматты ачыкка чыгарып, саясий өнөктүгүн каржылаган орусиялык ишкерге Литванын жарандыгын бергени үчүн, импичмент процесси менен өткөн айда кызматтан четтетилген эле.