Кыргызстан оор кылмыштарын төөбастысында калганын, ички иштер кызматкерлери коомчулукка көңүл кубантарлык отчетторду ачыкка чыгаруу меен көбүрөөк алектенерин бейшембиде “Вечерний Бишкек” гезити “Криминалдык газават” деген макаласында баяндады.
Ички иштер министрлигинин жооптуу кызматкеринин киши колдуу өлтүрүлүшү милицияга апачык кыр көрсөтүү, ашынган криминалдын опузасы болду. Ага кандай жооп болор экен, деп суроо коет гезит автору Асел Оторбаева. Анын маалымдашынча, кийинки үч жыл ичинде 30 адам киши колдуу өлгөн. Ашынып бараткан кылмыштуулукка каршы күрөштөн Улуттук коопсуздук кызматы боюн оолак кармап, оор милдет Ички иштер министрлигине жүктөлгөн, алардын бул иштин өтөлүнө чыгышы күмөндүү, деп белгилейт гезит автору.
Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмышка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Чыныбек Алиевдин киши колдуу өлтүрүлүшү жума күнкү кыргыз гезиттеринин дээрлик баарында маалымдалды.
Бүгүнкү “Агым” гезитинде кандай материалдар жарыяланганын басылманын жооптуу катчысы Гүласыйна Каленовадан уксак.
- Оппозиция деген кимдер, бийликтен кеткенден кийин позициясын өзгөрткөндөрбү? Буга жоопту “Акүй жана оппозиция” деген макаладан таба аласыздар. Киши колдуу өлгөн Ички иштер министрлигинин башкармалык жетекчиси Чыныбек Алиев тууралуу материал да жарыяланууда. Келаткан шайлоо тууралуу макала, наркобизнес жөнүндө маалымат басылууда. Саламаттык сактоо министри Миталип Мамытовдун бир күндүк иши жөнүндө материал жарык көрүүдө. “Саясатта ким туз, ким король” деген тамаша-чын аралаш материал басылды. Депутат Исхак Масалиевдин Бразилияга иш сапары тууралуу материал да басылды. Алайдагы жер көчкү тууралуу маалыматты, акын жана котормочу Эрнис Турсунов менен болгон маекти окуй аласыздар.
“Бишкек таймс” гезитинде да Бишкекте болуп өткөн кайгылуу окуя тууралуу материал жарыяланууда. Ал тууралуу басылманын жооптуу катчысы Базарбай Гапаров айтып берет.
- “Бишкек таймстын” бул саны 9-май Жеңиш күнүнө арналып даярдалды. Уруштан келген каттар, эскерүүлөргө орун бердик. Улуттук гвардиянын бир күнү тууралуу баяндама жарыяланууда. Криминалдык темага кайрылып, Ички иштер министрлигин жооптуу кызматкери полковник Чыныбек Алиевдин трагедиясы тууралуу баяндап жатабыз. Мындан тышкары мамлекеттик автоинспекциянын иши жөнүндө кыскача маалымат, болочок шайлоо тууралуу божомол жарыяланууда.
“Кыргыз руху” гезитинде да ушул эле тема козголууда. Аны басылманын жооптуу катчысы Семетей Талас уулу баяндайт.
- Биздин гезитте эң актуалдуу материалыбыз – Чыныбек Алиевдин киши колдуу өлтүрүлүшү тууралуу өзүбүздүн версиябыз бар.
Азыркы заманда бир жыл кылымга тете болуп, өлкө ыкчам өнүгүү жолунда баратат, деп белгилейт бейшембидеги “Слово Кыргызстана” гезитинде Кыргызстан юридикалык академиясынын жетекчиси Чолпонкул Арабаев. Коомдук турмуштагы өзгөрүүлөрдүн баары Конституцияда камтылган. Автордун ырасташынча, 1993-жылкы Конституциянын өзгөртүлүшүнө анын президенттин колу-жолун байлаганы себеп болгон.