БАТКЕН. 3-майдан 6-майга дейре Тажикстандын Хожент шаарында кыргыз-тажик чегарасын делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отуруму өттү. Кыргыз делегациясын жыйында тышкы иштер министринин орун басары Лидия Иманалиева жетектеди. Отурумга катышкан Баткен облусунун губернаторунун орун басары Шадыбек Бакыбековдун 6-майда "Азаттыкка" билдиргенине караганда, бул жолу тараптар кыргыз-тажик чегарасын кайсы документтин негизинде аныктоо маселесин улантышты. Анда тажик тарап чегараны тактоо иштерин 1925, 27-жылдардагы карта менен, ал эми кыргыз тарап 1958-, же 1989-жылдык карта менен жүргүзүү тууралуу айтышып, эки тарап бирдей юридикалык негизге токтоло алышкан жок.
Бирок кыргыз тарап талаштуу эмес деп эсептелген Кыргызстан менен Тажикстандын Кытай менен тогошкон чегарасында ишти баштай берүүнү сунуштады. Тажик тарап мындай сунушка кийинки жолугушууда жооп айта турган болду. Кийинки отурумдун качан, кайсы жерде болоору азырынча белгисиз.
Баткен облусу Тажикстандын Согд облусу менен чектешип, чегара тилкесинин узундугу 613 чакырымды түзөт. Эки облустун ортосунда талаштуу делген 40 аймак бар. Ал эми кыргыз-тажик чегарасынын жалпы узундугу миң чакырымга жакын аралыкты түзөт.