Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:43

Ирактын Нажаф шаарынын жаңы башчысы дайындылды


Ирактын Нажаф жана Кербала шаарларында америкалык аскерлер менен Муктада ас-Садрдын жоокерлери ортосунда кечээ күнү куралдуу кагылышуулар болду. Кээ бир кабарлар боюнча, Садрдын Кербала шаарындагы кеңсеси кыйратылды. Анын алдында америкалыктар Нажаф шаарынын борборун басып алды жана салгылашууда Садрдын кыркка жакын жоокери өлтүрүлдү.
Ирактын убактылуу америкалык башкаруучусу Пол Бремер Нажафтын жаңы башчысы кылып Аднан ал-Зуруфини дайындады: "Нажаф аймагынын калкы коалициялык аскерлерден жардам сурады жана биз аны көрсөтөбүз. Биз колдон келгендин баарын жасайбыз. Бирок толук тартип орнотуу үчүн талаптуу жетекчиликти ирактыктар өздөрү гана камсыз кыла алат. Нажафка күчтүү жетекчи керек жана губернатор Зуруфи ошондой адам".
Багдаддагы америкалык башкаруучулуктун имаратынын алдында кечээ күнү бир жан кечти өзүн өзү жардырып жибергенден беш ирактык жаран жана бир америкалык аскер курман болду.

XS
SM
MD
LG