Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

В.Путин президенттик ант берди


Жума күнү Путиндин жаңы 4 жылдык мөөнөткө мамлекет башчылык кызматка киришүү каадасы болуп өттү.

- Мен өзүмдүн Орусия Федерациясынын президенти катары бийлик укуктарымды - бардык жарандардын укуктары менен эркиндиктерин урматтап коргоого, мамлекетибиздин эгемендиги, көз карандысыздыгы, коопсуздугу жана бирдиктүүлүгү үчүн, Конституцияны кадырлап, элге адал кызмат өтөөгө жумшайм деп ант берем.

Мурдагы КГБнын кызматкери, азыркы Орусиянын 51 жаштагы лидери Путиндин президенттик кызматка киришүү каадасына Кремлде чогулган 1700дөй мейман күбө болушту. Өз сөзүндө Орусиянын президенти 2008-жылы дагы бир 3-мөөнөткө шайланууга далбас уруп, Конституцияны өзгөртүүгө барбай турганын белгилей кетти.

XS
SM
MD
LG