Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:14

КАЙЫП ОТОРБАЕВДИН БАЙГЕСИНДЕГИ МЕЛДЕШ АЯКТАДЫ


8-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда футбол ардагери, Ата мекендик согуштун катышуучусу, академик Кайып Оторбаевдин байгесине арналган футзал мелдеши аяктады.

Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу Кайып Оторбаев мектепте окуп жүргөндө эле спортко дилгир өсүп, 1935-жылы Ташкенде өткөн Орто Азия жана Казакстан өлкөлөрүнүн мектеп окуучуларынын спартакиадасына барган. Анда ал волейбол ойноп, жеңил атлетикалык жарыштарга катышкан. Кийин курулуш техникумунда окуп жүргөндө футболдон өлкөнүн жаштар командасынын катарында ойноп, Бишкектин “Спартак” командасына кабыл алынган.

1939-жылы Дүйшөмбү шаарындагы эл аралык футбол мелдешинде Кыргызстандын командасы биринчиликти алып, СССРдин Жогорку Лигасынын “Б” тобунда ойноого укук алган. Ошол мелдеште 17 жаштагы Кайып Оторбаев мыкты чабуулчу катары таанылган. Батышта согуш оту тутанганда Кайып мырза медициналык институтта окуп жүргөн. 1941-жылдын декабрында кан майданга аттанган. Ал учурду академик Кайып Оторбаев мындайча эскерет:

- 1942-жылы январдан баштап фронтто болдум. Түндүк Батыш фронтунда аба күчтөрүнөн коргонуу зениттик ротанын взводунун командири болуп, немецтердин самолетторун атып түшүргөнүм үчүн бир нече орден-медалдар менен сыйлангам. Кан күйгөн ааламатты адам баласына ыраа көрбөйм. Согуштун жүзү курусун! Кандай гана эр азаматтардан айрылдык. Согуш бүткөндөн кийин да армияда кызмат өтөп, 1946-жылы запаска бошогом.

Согуштан кийин да кайрадан футбол ойноп, спорт менен илимди кошо ала жүрөт. Ал кыргыз жигиттеринен биринчи болуп, Москванын «Спартак» командасына чакырылып, чыгаан футболчулардын катарында ойноду. Аны Санкт-Петербургдун «Зенит» командасы дагы расмий чакырган. Бирок ал илим жолун тандап, бош убактысында гана Кыргызстандын тандалма командасында жүрүп, эл аралык мелдештерге баштап барды. Ошентип, Кайып Оторбаев кыргыз футболунун башатында тургандардын бири.

Белгилүү футболчу, академиктин байгесине 8 жылдан бери кичи-футбол же футзалдан мелдеш өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө байгени өзү тапшырып келет. Мурдакы мелдеш эл аралык деңгээлде өткөрүлүп келсе, быйыл өлкөдөгү командалардын чебердигин жогорулатуу максатында облустардын футболчулары чакырылды. Баш байге үчүн 8 команда талапкер болуп, 5 күн мөрөй талашып, баш байгени Бишкектин «Орто Азия» командасы жеңип алды. Экинчи орунду «Марс- Алтынташ» командасы ээледи. Үчүнчү орун Бишкектин «Шер» командасына ыйгарылды. Мелдештин жеңүүчүлөрүнө академик Кайып Оторбаев медалдарды, баалуу сыйлыктарды тапшырып, ийгилик каалады.

Бул мелдеште утуп чыккан «Орто Азия» командасынын чабуулчусу Улан Рыскулов мындай деди:

- Мелдеш жогорку деңгээлде өттү. Атаандаштар дагы күчтүү болду. Академик Кайып Оторбаевдин байгесин ушуну менен экинчи ирет удаа жеңип алдык. Мындай мелдештерде команданын чебердиги жогорулайт.

Өлкөдө футзалды өнүктүрүү боюнча өз ойлорун «Шер» командасынын жетекчиси Айбек Осмоналиев мындайча бөлүштү:

- Футзалга кызыгуу күч алып баратат. Бирок өлкөбүздүн футзал ассоциациясы жакшы иштебей жатат. Демилгелерди колдоого албай, мыкты оюнчуларды коңшу өлкөлөр алып кетүүдө. Ушул мелдешке Казакстан менен Өзбекстандан командалар келсе, турнирдин деңгээли жогоруламак. Чеберчилик өсүп, тажрыйба топтолмок. Бардык облустардан командалар деле келбеди. Мелдеш көрсөтмөлүү деңгээлде гана өттү.

Ата мекендик согуштун ардагери, академик Кайып Оторбаевдин байгесине арналган мелдештин «мыкты оюнчусу» деген сыйлыкка «Марс-Алтынташ» командасынын өкүлү Нуржан Жетибаев ээ болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG