Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:35

РАМСФЕЛД ИРАКТЫКТАРДАН КЕЧИРИМ СУРАДЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Жума күнү Пентагондун башчысы америкалык аскерлердин Ирактын түрмөлөрүндөгү укук бузууларынын жоопкерчилигин мойнуна алып, күнөөлүүлөрдү мыйзам жазасына тартууга убада берди.

Сенаторлордун алдында сүйлөгөн сөзүндө АКШнын коргоо катчысы Доналд Рамсфелд америкалык солдаттардан ыза-кордук көргөн ирактыктардан кечирип сурап, андай жагымсыз окуялардын орун алгандыгы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.

- Акыркы күндөрдө Абу-Грайиб түрмөсүндөгү жосунсуз окуялар үчүн ким жоопкер деген маселе кызуу талкууланды. Бул окуялар менин көз алдымда болду, ан үчүн мен толук жоопкермин, - деди Рамсфелд.

Пентагондун башчысы мындай укук бузуулар жөнүндө президент Жорж Бушту жана Конгрессти учурунда кабардар кылбаганын мойнуна алды. Ошону менен бирге эле Рамсфелд аскерий жетекчилик Ирак түрмөлөрүндөгү укук бузуулар жөнүндө мурда эле кабардар болгонун жана аларды иликтеп, күнөлүүлөрдү жазага тартуу үчүн эбак эле чара көргөнүн, ал тургай, ал жөнүндө коомчулукту да кабардар кылганын айтты. Рамсфелддин айтымында, Си Би Эс-Ньюс жаңылыктар каналынын журналисттери болгону ал укук бузууларды тастыктаган фотосүрөттөрдү таап, жарыялап жиберишкен. Ошол эле маалда Рамсфелд андай сүрөттөрдү жана видеотасмаларды жарыялай берүү чууну ого бетер ырбатаарын эскертти.

Ал эми ушул күндөрү америкалык солдаттардын жосунсуз жоругун таныктаган дагы бир топ сүрөттөр ачыкка чыкты. Сүрөттөрдүн биринде ирактык туткундун мойнуна каргы тагып, мазактап турган жаш аял тартылган экен. Дагы бирөөндө америкалык солдат аял энеден туума кылып, жылаңачталган эркек туткундарды шакаба чегип турат. Азыр ал сүрөттөгү Линди Ингланд деген аялга “ирактык атуулдарды кордоп, Американын беделине шек келтирген” деген айып тагылды.

Америкалык солдаттардын жоругу бүткүл дүйнөдө жана Американын өзүндө кескин сынга алынууда. Демократ конгрессмендердин айрымдары Рамсфелддин жана Буштун кызматтан кетүүсүн талап кылып жатышат. Республикалыктар, азырынча, андай талап койбогону менен, Пентагон башчысынын Ирактагы укук бузууларды жашырып койгону Американын беделине өлчөөсүз шек келтирди, - деп нааразы болуп жатышат.

Ал эми анын аралыгында, Эл Аралык Кызыл Чырым уюму ирактык туткундардын уруп-сабоолорго, кордук көрсөтүүлөргө дуушар болуп жаткандыгы жөнүндө америкалык жетекчиликти мындан бир жыл мурда эле кабардар кылганын билдирди. Рамсфелдин сенаттагы сөзүнөн кийин ишембиде эртең менен Женевада өткөргөн пресс-конференцияда Кызыл Чырымдын эл аралык комитетинин башчысы Пьер Креенбүлер АКШ өкмөтүнө феврал айында жиберилген документте Ирактын түрмөлөрүндө өткөн жылдын 31-мартынан баштап, 24-октябрына чейинки укук бузуулар жөнүндө маалымдалганын айтты. Креенбүлердин түрмөлөрдө жүргүзүлгөн иликтөөгө таянып айтканына караганда, өзүлөрүнө керектүү маалымат алуу үчүн АКШнын чалгындоо кызматы түрмө туткундарына зордук-зомбулук жана ар түрдүү кыйноолор менен кордуктарды көрсөткөн.

АКШ жоокерлери туткундардын башына кап кийгизилип, муунтушкан, айрымдарын чынжырлар менен темир торго узак убакытка байлашкан, башка бирөөлөрүн болсо көзгө сайса көрүнгүс караңгы камераларга күндөп-түндөп кармашкан учурлар Кызыл Чырымга маалым болгон. Уюм түрмөлөрдөгү ахвалга байланышкан маселени АКШнын Ирактагы администрация башчысы Пол Бремер менен өлкөнүн Ирактагы аскерлеринин командачысы генерал Рикардо Санчестин алдына койуп, эчак эле талкуулаганын билдирди.

XS
SM
MD
LG