Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Борбор Азия менен Кавказ аймактарындагы атуулдук коомдордун кызматташтыгы жакшырат


БИШКЕК. Грузияда коррупцияга каршы күрөш мамлекеттик деңгээлде жана атуулдук коомдун жигердүү катышуусу менен жүргүзүлүүдө. Жогорку бийлик органдарында иштеген чиновниктер кызмат абалынан пайдаланып чоң акча каражаттарын чачса, алар сот жообуна тартылышууда. Бул жөнүндө Грузияда болуп, ошондой эле 30-апрелден 5-майга чейин Бакуда өткөн «Борбор Азия жана Кавказ: демократияга ар кандай жолдор» деген тема алдындагы эл аралык жыйынга катышып келген «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова бүгүн «Азаттыкка» маалымдады. Кыргызстандын, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Грузия, Армения, Азербайжандын атуулдук коомдорунун лидерлеринин катышуусу менен Бакуда өткөн жыйында Кавказ жана Борбор Азия региондорундагы саясий, экономикалык абал, адам укуктарынын сакталышына байланыштуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле аймактарда мыйзамдуулук менен акыйкат башкарууну орнотуудагы, коррупцияга каршы күрөшүүдөгү саясий партиялар менен бейөкмөт уюмдардын орду, алардын ортосундагы кызматташууну жакшыртуу боюнча иш-чараларга байланыштуу пикир алмашуулар болду. Борбор Азия жана Кавказ регионунун атуулдук лидерлеринин кезектеги жолугушуусу быйыл сентябрь айында Ысыккөлдө өтөт.

XS
SM
MD
LG