Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

ОРУСИЯНЫН ТАЖИКСТАНДАГЫ ЧЕК АРАЧЫЛАРЫНЫН ӨЗДӨРҮ БАҢГИЗАТ МЕНЕН СООДА КЫЛЫШАБЫ?


Сапар Орозбаков, Прага Орусиянын чек арачылары Ооганстандан Батышты көздөй кеткен баңгизат ташуучу Тажикстандагы кан жолду бир нече жылдан бери кайтарып келет. Шаршемби күнү Тажикстандын бийликтери чек арадан 12 килограмм героин алып бараткан адамды кармаганын жарыя кылышты. Бул кабардын кызык жери - баңгизаттын көптүгүндө эмес, аны Орусиянын чек ара кызматкери алып баратканында болду. Бул Орусиянын Тажикстандагы айрым чек арачылары баңгизаттарды мыйзамсыз алып өткөндөрдү кармагандын ордуна, өздөрү баңгизат менен соода кылаарын көрсөттү.

Тажикстандын тартип коргоочу органдары кармаган 12 килограмм героин менен бараткан Сафарали Галимов деген адам - улуту боюнча тажик. Бирок ал Орусиянын атуулу жана Орусиянын Тажикстандагы чек ара кызматында дарыгер болуп иштейт. Тажикстандын ички иштер министрлигинин баңгизаттардын контрабандасына каршы күрөш боюнча жооптуу кызматкери Файзулло Гадоев орусиялык чек арачылар акыркы 2 жума ичинде ушуну менен экинчи жолу кармалып жаткандыгын билдирет:

- Кайсы күнү экендиги эсимден чыгып кетти, өткөн жылы да ушундай окуя болгон. Мындан бир жума мурда бекен, 10 күн мурда бекен, эсимде жок, 10 килограмм алып бараткан дагы бир чек арачы кармалган,– дейт Файзулло Гадоев.

Анын айтымында, өткөн жылы баңгизат менен кармалган 2 чек арачы түрмөгө отургузулган. 1997-жылы учак менен 8 килограмм баңгизат алып бараткан 12 адам кармалган.

Мындан 3 жыл мурда Орусиянын аскер тыңчылыгы орус чек арачылары арасында мындай баңгизат менен соода кылуу практикасы кеңири тарагандыгын билдирген болчу. Анын маалыматы боюнча, Орусиянын 100гө жакын жогорку аскер кызматчысы Тажикстан аркылуу өткөн баңгизат контрабандасына аралашып жүргөн. Муну Швециядагы Упсала университетинин алдындагы “Жибек жолу” аттуу долбоордун жетекчиси Никлас Сванстром да ырастайт:

- Баңгизаттарды ташуу үчүн пайдаланган унаанын түрү аркылуу Орусиянын аскерлери, болгондо да жогорку кызматта тургандар, Борбор Азиядагы баңгизат соодасына аралашканын байкадык. Баңгизаттарды жүк ташуучу машинелер менен да, жүргүнчү же аскер учактары менен да алып өтсө болот. Аскер учактары менен өткөн фактылар көп эле кездешет. Учак менен жогорку кызматта тургандар гана алып өтө алышат.

Бирок бул пикирди Орусиянын чек ара кызматынын басма сөз катчысы Александр Кондратев таптакыр төгүндөдү. Ал Тажикстандын ички иштер министрлиги кармаган Сафарали Галимов деген адам Орусиянын чек ара кызматында иштебейт дейт.

Орусиянын чек ара кызматы өзүн Тажикстандын аймагы аркылуу өтүп жаткан баңгизаттын контрабандасын токтотуу боюнча көп иш жасап жатат деп эсептейт. Ал өткөн 3 жылдын ичинде Тажик бийликтери менен бирге 16 тонна героин кармагандыгын айтат. Орусиянын чек ара кызматы өткөн жылы да 9,5 тонна, башкача айтканда, 1999-жылга салыштырмалуу 10 эсе көп баңгизат кармагандыгын белгилейт. Бирок эксперттер бул чек арачылар кармаган баңгизат чек арадан өтүп кетип жаткан көлөмдүн жөн эле бир тамчысы экендигин айтышат.

Бириккен улуттар уюмунун баңгизат боюнча комиссиясы Борбор Азия - Европага келип жаткан баңгизаттардын негизги жолу деп эсептейт. Анын маалыматына караганда, 2002-жылы Ооганстанда 4,5 миң тонна баңгизат өндүрүлгөн. Комиссиянын Борбор Азиядагы өкүлү Жеймс Каллаган орусиялык чек арачылар акча табуунун жеңил жолуна азгырылып кетип жаткандыгын белгилейт:

- Тажикстандагы чек араны кайтаруу орусиялык өкмөт үчүн өтө кымбат иш. Мен эгерде Орусиянын өкмөтү анын адамдары, болгондо да жогорку деңгээлдеги адамдар, баңгизаттын соодасына түздөн түз катышып жатканын билсе, ага акча коротпойт эле деп ойлойм. Мен Орусиянын чек ара кызматынын жогорку деңгээлдеги адис-жетекчилери жана башка адамдар менен жолуктум. Орусиялык чек арачылардын айлыгы тажиктердикине караганда жогору болгону менен, мен мыйзам бузууга барып, баңгизат менен соода кылып көрүүнү каалагандар четтен чыгат деп ойлойм, – дейт Жеймс Каллаган.

Эми мындан ары орусиялык чек арачылардын арасындагы шылуундар минтип жеңил акча таба албайт. Анткени тажиктер өз чек арабызды өзүбүз кайтарабыз деп, орусиялык аскерлердин өлкөдөн чыгарылып кетүүсүн талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG