Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

БИШКЕКТЕ ООГАНСТАНДЫН ӨЗ КОҢШУЛАРЫ МЕНЕН ЭКОНОМИКАЛЫК КЫЗМАТТАШУУСУНА АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ЖЫЙЫН БАШТАЛДЫ


Бүгүн (10-майда) Бишкекте Ооганстандын коңшу өлкөлөр менен экономикалык кызматташуусуна арналган эл аралык жыйын ишин баштады. Ага Ооганстан, Пакистан, Иран жана Борбор Азиядагы беш мамлекеттин, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Бишкекте ишин баштаган эл аралык жыйын «Ооганстандын регионалдык экономикалык кызматташуусу: Борбор Азия, Иран жана Пакистан» деген тема астында өтүүдө. Ал БУУнун Өнүгүү программасы, Ооганстан менен Кыргызстандын өкмөттөрүнүн демилгеси менен уюштурулган. Конференциянын максаты - Ооганстан менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн аныктап, аны ишке ашыруунун жолдорун тактоо. Ушундан улам жыйындын күн тартибине Ооганстандын регионалдык экономикалык кызматташуусун өнүктүрүүнүн саясаты, соода жана инфраструктура деген сыяктуу маселелер коюлган.

Жыйындын алгачкы күнү бул багытта БУУ Өнүгүү программасынын (БУУӨП - UNDP), Азия Өнүгүү банкынын жана Дүйнөлүк банктын Ооганстан боюнча адистери маалымат беришип, конференцияда чечүү зарыл деген багыттарды аташты.

Алардын айтымында, Ооганстанда экономикалык туруктуулук жана тынчтык калыптанмайынча, жалпы чөлкөмдө бейпилдик болбойт. Мындай ойду бардык мамлекеттер колдой тургандыгын делегация өкүлдөрү билдиришип, кызматташууга даяр экендиктерин жарыя кылышты. Бүгүн түштөн кийин ал жолдорду үч багыттагы жумушчу топтор тактоого киришти.

БУУ Өнүгүү программасынын Ооганстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эржан Мураттын айтымында, бул жыйында Ооганстан аймактагы жаңы өнөктөш катары өзүнүн жүзүн ачууда:

- Кыскача айтканда, Ооганстан бул жыйында: «Мырзалар, мен кайра тирилип жатам, мен чөлкөмдөгү жаңы оюнчумун, мага көңүл бургула!» дейт. Ал эми бул жердеги мамлекеттер Ооганстан менен кантип кызматташуунун жолдорун көрсөтүп, сунушташат.

Эржан Мураттын айтымында, жыйын маалында бул багытта өкмөттүк делегациялар ортосунда талкуулар болот жана жеке менчик тармактын 70тен ашуун өкүлдөрүнүн ортосунда өз алдынча сүйлөшүүлөр жүрөт.

Ал эми Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев Кыргызстан Ооганстанды калыбына келтирүү иштерине алты багытта кызматташууга даяр экендигин жарыя кылды:

- Алар - талкаланган байланыш (коммуникация) тармактарын калыбына келтирүү, турак-үй, оорукана, мектептерди куруу, медициналык кызмат көрсөтүү, гуманитардык жардамдарды жеткирүү жана Ооганстандын экономикасына зарыл товарларды чыгаруучу тармакты калыптандырып, заказ алуу. Андан тышкары Ооганстанга мугалим, куруучу, дарыгерлерди жиберүүгө, өзүбүздүн окуу жайларда оогандык адистерди даярдоого, ооганстандык 550 качкын үй-бүлөнү мекенине кайра жөнөтүүгө көмөктөшүүгө даярбыз. Ошондой эле Ооганстандын совет доорунан калган аскерий техникасы менен байланыш тармагын калыбына келтирүү үчүн өзүбүздүн аскерий адистерди жиберүү маселесин кароого даяр экендибизди билдиребиз.

Ал эми Ооганстандын Инвестициялык колдоо агенттигинин жетекчиси Норулла Делевари өз өлкөсүнө эң ириде электр кубаты зарыл экендигин билдирсе, Каржы министри Ашраф Гани (Ashraf Ghani) кызматташуунун келечектүү тармактарын так аныктап, Ооганстанга жиберилүүчү товарлардын тизмесин тактап, курулай сөздөн конкреттүү иштерге өтүүнү сунуш кылды. Ооганстан ар тараптуу оюндарга катышпай, ачык, натыйжалуу кызматташууну көздөй тургандыгын да Гани мырза баса белгиледи.

XS
SM
MD
LG