Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Апрель, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:32

Индияда көп баскычтуу парламенттик шайлоо соңуна чыкты

Үч жумада беш баскычта өткөн шайлоого катталган 670 миллионго чукул шайлоочунун 55 пайызы катышты. 20-апрелде башталып, кечээ аяктаган шайлоо биринчи жолу баштан-аяк электрондук машина менен жүргүзүлдү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы үстүбүздөгү аптанын соңунда белгилүү болууга тийиш. Божомолдорго караганда индус улутчулдардынын "Жаната" партиясы жана анын союздаштары көпчүлүк үчүн зарыл болгон 272 орунга жетээр-жетпес мандатка ээ болду. "Жаната" партиясын премьер-министр Атал Бехари Важпайи жетектейт.
XS
SM
MD
LG