Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

ЫСЫККӨЛ - ЫЙЫК КӨЛ, БЫЙЫЛ БОРИС ЕЛЬЦИН ДА КӨЛГӨ КЕЛЕТ, «ТҮБӨЛҮК ДОСТУК» ЭМНЕ БЕРДИ?


Шаршембидеги “Аргументы и факты Кыргызстан” басылмасы Ысыккөлдө өтө турган эл аралык туристтик жармаңке жөнүндө баяндады. ”Вечерний Бишкек” басылмасы өлкөнүн жаңы паспорту 28- июлдан баштап бериле баштаарын кабарлады.

13-майда басууга даярдалып жаткан “Жаңы ордо” басылмасында “Ар-намыс” партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев Азербайжан өлкөсүнө барган сапары тууралуу жана абакта жаткан Феликс Кулов мунапыска илинбей, бошобой калганы жөнүндө пикири жарыяланууда.

Ушул басылмада кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу редактордун орун басары Азизбек Чамашев мындай дейт:

- Сталин жөнүндө карыя окурман Мукамбет Барктабасовдун макаласы берилүүдө. Анда анын ишмердүүлүгү, улуу инсандардын ал тууралуу пикирлеринин негизинде өз ойлорун айткан. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дооронбек Садырбаев азыркы парламент тууралуу маеги жарык көрүүдө. Кыргыздын ай, жылдарын, мезгилдерин сүрүштүргөн календары жарыяланууда.

Ал эми 13-майда чыгууга даярдалып жаткан «Аалам» басылмасында Акталаа районунан 4 миң 500 адам кол койгон кат жарыяланууда. Анда ошол аймактагы Турук көмүр кени жергиликтүү элге пайдасы тийбей, анын убайын жеке менчик 2 фирма гана көрүп жатканы айтылат.

«Аалам» басылмасындагы айрым макалалардын мазмуну менен жоoптуу редактор Нарынкүл Назаралиева мындайча тааныштырды:

- Өлкөнүн наркологиялык борборунун бөлүм башчысы Элмира Исраилова Бишкекте өспүрүмдөр арасында баңгичиликтин жаңы түрүнүн өсүп баратканы жөнүндө коңгуроо кагат. Ошондой эле журналист Кенжебек Арыкбаевдин «Убадалар» аттуу макаласында азыркы парламенттин ишмердүүлүгү, айрым депутаттардын келээрки шайлоолорго азыртан даярдык көрүп жатканы тууралуу кеп козгойт.

Бейшембиде жарык көргөн «Общественный рейтинг» жумалыгында өлкөнүн “Камкор” камсыздандыруу компаниясын каржы министрлиги эмне себептен банкрот кылууга түртүп жатканы иликтөөгө алынды. Ушул басылма Ысыккөлдүн жээгиндеги Өзбекстандын пансионаты кирешесин жашырып, салык төлөбөй келатканы тууралуу сөз кылды.

Ошондой эле ФИНКА-Кыргызстан биргелешкен ишканасынын директору Жейсон Стоун Микл мырзанын билдиргенине караганда, өлкөдөгү ФИНКАнын кардарларынын 85 пайызы 30-35 жаш курактагы кыз- келиндер. “Алар микрокредит компаниясынын кызматынан тобокелдик менен пайдаланып, ишкердик кылууда. Эркектерге караганда аялдар чечкиндүүлүк кылып, жоопкерчиликтүү” дейт Жейсон мырза. Ушул жумалыкта дагы кандай макалаларга орун берилгени тууралуу басылманын жооптуу катчысы Наргиза Кожомкулова буларды айтып берди:

- Политолог Сыргак Абдылдаев “өлкөнүн Казакстан жана Өзбекстан менен 1998-жылы кол коюлган “Түбөлүк достук жана кызматташуу” жөнүндөгү келишимдери иштебей кагаз жүзүндө калды” деп мамлекеттин эгемендүүлүгү тууралуу ойлорун ортого салат. Социалдык-экономикалык саясат боюнча Гренобль борбору кыргыз сому тууралуу иликтөө жүргүзүп, алардын айтымында “Эл аралык валюта кору өлкөдө сомду киргизүү менен экономикалык чоң катачылык кетирген” дешет. Ошондой эле Борбор Азиядагы суу ресурстарын пайдалануу боюнча Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Темир Сариев ой бөлүшүп, кабарчыбыздын суроолоруна жооп берип, коңшу казак туугандар бул маселеге ат үстүнөн мамиле кылганын айтат. Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыш иштери боюнча башкармасынын жетекчиси Чыныбек Алиевдин буюртма менен өлтүрүлүшүнөн кийин бул боюнча өлкөнүн атуулдарынын пикирлерине орун берилди.

Шаршембиде жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемеси Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун Ысыккөл тууралуу пикирин берди. «Менин элим үчүн тоо бермети Ысыккөл - ыйык көл. Өлкөнүн сыймыгы, мамлекетибиздин тарыхы, азыркы учуру жана келечеги – көлүбүз менен байланыштуу. Бул - биздин жан-дүйнөбүз жана жашообузду чагылдырып турган күзгү. Бул күзгүдөн дүйнө эли көрүнгүсү келет», дейт Чыңгыз Айтматов.

Ошондой эле Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельцин дагы Ысыккөлдө эс алуу керемет экенин айтып, быйыл дагы көлгө келээрин билдирген. Ушул жумалыктын тиркемеси 15-16-майда Чолпонатада өтө турган эл аралык Ысыккөл туристтик жармаңкесине арналды.

12-майдагы «Вечерний Бишкек» басылмасы өлкөнүн жаңы паспортун даярдоо тендерин уткан Молдовалык компания 10 миллион доллар чыгымдап, 2 миллион 500 миң жаңы паспортту 28-июлдан баштап бериле баштаарын билдирди. «Эгемендүүлүк менен кошо алган Кыргызстандын улуттук көк паспорту учур талабына жооп бербегенин, эмки жаңы паспорт менен кошо өздүк күбөлүк да берилээрин, анын баасы 5-6 евро болоорун, жаңы паспорттун чет өлкөлөргө баруу баракчасы болжол менен 40 евро тураарын» жазат кабарчы Оксана Семеняк.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG