Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Т.Блэр Британ жоокерлеринин туткундарды жабыла кордогонун ырасталбады дейт


Британиянын премьер-министри Тони Блэрдин билдиришинче, ал туткундарды кордоо жөнүндөгү эл аралык Кызыл Чырым уюмунун доклады менен дүйшөмбү күнү таанышкан, бирок андан Британ жоокерлеринин адепсиздиги жөнүндөгү маалыматты жолуктурган эмес:

- Кызыл Чырымдын билдирүүсүнө ылайык, Британ жоокерлерине коюлган айыптоолор боюнча эбак эле тергөө өткөрүлдү. Эң маанилүүсү, бул маселеге байланыштуу айтаарым, британиялык аскерлердин туткундарды системалык түрдө кемсинткенин ырастаган далилдер жок экенин мен билем.

Блэр ошондой эле Британиянын “Дейли Миррор” гезитин Британ жоокерлеринин туткундарды кордоп жатканы жөнүндө жалаң жасалма сүрөттөрдү басты деп жемеледи.

XS
SM
MD
LG