АКШ Конгрессинин мүчөлөрү америкалык аскерлерден кордук көргөн ирактык туткундардын жаңы сүрөт, видеотасмалары менен таанышып чыгып, катуу камтамачылыгын билдиришти. Америкалык аскерий тергөөчүлөрдүн колуна тийген ал материалдарда Багдаддын чет жагындагы "Абу Грейб" түрмөсүндө ырылдаган иттерден коркуп бүрүшкөн ирактык туткундар, буйрукка баш ийип, төшүн жылаңачтаган аялдар жана эркектерди зордуктоо актылары тартылган.
Пентагондун өкүлдөрү Иракта туткундарды кордоо фактыларына байланыштуу дагы эки америкалык аскер сот алдында жооп берээрин жарыялашты.
Пентагондун өкүлдөрү Иракта туткундарды кордоо фактыларына байланыштуу дагы эки америкалык аскер сот алдында жооп берээрин жарыялашты.