НАРЫН. Атбашы районуна караштуу Акжар айылынын тургундары губернатор Аскар Салымбековго, облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Төрөбек Иманбердиевге Жаналиев атындагы мектептин директору Омораалы Алакуновдун үстүнөн арыз жазышкан. Арызда ата-энелер "мектеп билим берүүчү мекеме эмес, акча чогултуучу жай болуп калды. Окуучуларды сабак учурунда акча алып кел деп үйгө кубалашат. Анын айынан мектепке барбай калган балдардын саны көбөйдү. Бул маселени тезирээк чечип бербесеңер, министрликке чейин кайрылабыз" дешкен. Бул тууралуу акыйкатчынын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зуура Үмөталиева билдирди.