Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:17

КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫНЫН ЖАНА ҮЙЛӨРДҮН БААСЫ КЫМБАТТООДО


Соңку күндөрдө курулуш материалдарынын баасы кымбаттай баштады. Бул жаздын келип, курулуш иштеринин ыкчамдаганы менен байланыштуу болсо да, адистер негизинен баалар барган сайын өсүп жатканын айтышууда. Курулуш материалдарынын өсүшү менен үйлөрдүн, квартиралардын да баасы кымбаттоодо.

Ушул күндөрдө бышкан кыштын эскиси 3 сом 50 тыйын же 4 сом. Ал эми бир даана шифердин баасы 145 -150 сомго чыкты. Цементтин куну да асмандап, бир мешогу 180 сомго барды. Ошол эле маалда үйлөрдүн баасы да барган сайын көтөрүлүүдө. Шаардык гезиттеги жарнаманы карасак, мисалы Бишкектин кичирайондорундагы 104-сериядагы 3 бөлмөлүү квартиралар 12,5 миң доллар. Ал эми шаардын борбор тарабында 15-16 миң доллар. Эркиндик гүлбагы менен Токтогул көчөсүндөгү 4 бөлмөлүү квартирага бирөөлөр ашык эмес, кем эмес 120 миң доллар сурап жатышат...

Адистер квартиралардын баасы буга чейин эч убакта мындай кымбаттаган эмес дешет. Буга бир себеп - Бишкек шаардык мэриясы акыркы жылдарда үй курбай калган. Мамлекеттик бюджеттен да турак-жай курууга деп акча каралбайт. Ошондон улам азыр жеке сектордо өз алдынча үй куруп жаткандар арбын.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев, курулуш материалдарынын жана үйлөрдүн баасынын өсүшү экономиканын өсүшүнүн белгиси дейт:

- Ушундан улам экономикада өсүш бар деп айтсак болот. Бул - биринчи жагы. Экинчиден, азыр чет мамлекеттерде 300 миңдей жердештерибиз иштеп жүрүшөт. Алар тапкан акчаларына Бишкектен үй сатып алып жатышат. Ошондон улам баалар да өсүп, курулуш материалдары да кымбаттап жатат.

Бирок курулуш материалдарынын, айрыкча, цементтин, шифердин баасынын кымбатташы Кыргызстандын шартында бир гана ишкананын кожоюндарынын каалоосуна жараша болуп жатат деген пикирлер бар. Аны депутат Темир Сариев да жокко чыгарбайт:

-Кант цемент-шифер заводу чыгарып жаткан продукциялардын баасынын өсүшү, андай курулуш материалдарына суроо-талаптын өсүшү, албетте, көбүрөөк продукция чыгарууга алып келет.

Жогорку Кеңештин депутаты Ишенбай Кадырбеков Кагт цемент-шифер заводунун продукцияларынын баасы антимонополиялык департаменттин начар иштеп жатканынан улам өсүп жатат дейт:

- Цемент, шифер - бул табийгый монополисттердин тизмесине киргизилген. Өкмөт, антимонополиялык департамент иштебей жатат.

Ишенбай Кадырбековдун пикиринде, курулуш материалдарынын кымбатташы үйлөрдүн баасынын өсүшүн шарттады. Депутаттын пикиринде, Канттагы цемент-шифер заводунун негизги кожоюну жогорку бийликтеги адамдарга өтө жакын казакстандык бинесмендер:

- Заводдун акциясынын 80 пайызы казакстандык ишкерлердин колунда. Кыргыз өкмөтү аларга унчукпай отурат.

Антимонополиялык департаменттин Канттагы цемент-шифер заводун көзөмөлгө алуучу кызматкери Кеңешбек Маматкановго кайрылдык. Ал антимонополиялык комитеттин мыйзам чегинде айрым укуктары болгон күндө да, күн санап өсүп бараткан бааларды токтотууга мүмкүн эмес экенин ачык эле мойнуна алды:

- Бизде полномочиелер бар. Бирок биз чарбалык ишине кийлигише албайбыз. Жоопкерчилиги да бизде жок. Болгону, табийгый монополист катары бизге керектүү маалыматтарды берип турат. Бергенде дагы өз убагында бербей - ушуга окшогон ар кандай окуялар болот.

Ошентип, күн санап кымбаттап бараткан курулуш материалдарынын, цементтин, шифердин бааларын токтотуу антимонополиялык комитеттин, так айтканда, өкмөттүн колунан келбеген маселедей көрүнөт. Депутат Темир Сариев бул жерде өкмөт бир чара көрүш керек дейт:

- Өкмөт сөзсүз түрдө өз сөзүн айтыш керек. Канттагы комбинат табийгый монополист катары тизмеде турат. Андыктан, өкмөттүн комбинат чыгарган продукциянын өздүк наркын, канчадан сатылып жатканын, рентабелдүүлүгүн көзөмөлдөп турууга мүмкүнчүлүгү бар. Өкмөттүн тийиштүү мекеме-уюмдары ошол механизмди начар пайдаланып жатышат.

Эске сала кете турган маалымат: Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын айрым депутаттары Канттагы комбинаттын бул маселесин сессиянын күн тартибине алып чыгууга аракет кылышкан болчу. Бирок бийликке жакын адамдар тарабынан бул - катуу каршылыкка учураган эле.

XS
SM
MD
LG