Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

МАЙЫП СПОРТЧУЛАРГА КАМКОРДУК КЕРЕК


Майып спортчулардын айрымдары эл аралык мелдештерге, Азия оюндарына жана паралимпиадаларга катышып, Кыргызстандын намысын коргоп жүрүшөт. Өлкөдө улуттук паралимпиадалык комитет түзүлгөндөн тартып аларга аз да болсо көңүл бурула баштады.

Кыргыз жергесинде майып спортчулар 1990-жылдан тартып ийгилик жаратып союздук аренадагы мелдештерге катыша баштаган. Ташкен шаарында 1990-жылы өткөн СССРдин чемпионатында кыргызстандык Бакыт Бакчиев 57 кг салмакта оордук көтөрүү боюнча алтын медалды жеңип, СССРдин чемпиону аталган.

Кийинки жылы оор атлетикадан майып спортчулар: Роман Өмүрбеков, Эдуард Гисов жана Александр Качалов да Шериктеш өлкөлөрдүн баш байгесинин ээси болушкан.

Өлкөдөгү майып спортчулардан Владимир Брязгунов 1994-жылы Санкт-Петербургдан Алматыга чейинки супермарафонго катышып, велоарабасы менен 9 миң км. аралыкты басып, мурдагы 15 союздук республиканы аралаган. Анын эрдигин баалап, Орусиянын ошол мегилдеги президенти Борис Ельцин “Каармандык ордени” менен сыйлаган.

Кыргызстанда 1992-жылы майып спортчулардын клубу түзүлүп, 1994-жылы өзүнчө федерация болуп, Эл аралык паралимпиадалык комитетке мүчөлүккө кабыл алынган эле. Ошондон бери Атланта паралимпиадасына Роман Өмүрбеков менен Ниязбек Чалиев катышса, 2000-жылдагы Сидней паралимпиадасына да Роман Өмүрбеков менен Эдуард Гисов барып, Кыргызстандын намысын коргоду. Ал эми кышкы паралимпиадага 1998-жылы Наганого тоо лыжасы боюнча Владимир Рябов гана барган.

Чынында, кыргызстандык майып спортчулар Азия оюндарына да бирин-экөө катышып жүргөнү менен бул спорт тармагы колдоого алынбай келген. Паралимпидалык оюндар спорттун 14-15 түрү боюнча өткөрүлүп жүрсө, кыргызстандыктар 3 оюнда тең спорттун пауэрлифтинг боюнча гана катышкан. Ал эми дүйнө жүзүндө майыптар спортту өнүгүп, алардын көңүлү өсүп, дүйнөлүк рекорддорду жаңыртып келүүдө. Ал түгүл, Борбор Азия өлкөлөрүндө да паралимпиадалык комитеттер түзүлүп, максаттуу иш жүргүзүүдө. Кыргызстанда улуттук паралимпиадалык комитет уюшулуп, президенттигине «Нур» акционердик ачык коомунун төрагасы Жуман Нуржанов шайланган. Эми майып спортчуларга атайын спорт зал бөлүнүп, жабдылып жатат.

Бишкек шаарында 6 спорт мектеби болсо, ошонун бирөө майып спортчуларга арналган. Бул саамалыкты улантып Кыргызстанда майып спортчулар үчүн олимпиадалык резервдеги атайын адистешкен мектеп түзүү да мезгил талабы. Өлкөнүн паралимпиадалык комитетинин вице президенти, Бишкек шаардык финансы башкармасынын жетекчиси Абдуалим Нишанов Афина паралимпиадасына канча спортчу даярдык көрүп жаткандыгы тууралуу пикирин мындайча билдирди:

- «Бул мезгил талабы. Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып жүргөн спортчуларга эми шарт түзүлүп, камкордукка алынат деген ишеним бар. Мурдакы паралимпиадалык оюндарга бизден 1-2 спортчу гана барса, быйылкы Афины олимпиадасына 5-6 майып спортчуну жиберүүгө мүмкүнчүлүк
бар.

- Cоопчулук кылуу үчүн ушундай комитет түзүп, аларга колдон келген шарт түзүп берели деген ой- тилек бар. Биринчиден, каражат маселесин чечүү менен алар машыга турган спорт зал таап, аларга жабдуу алууга камылга көрүп жатабыз. Алардын спорттук чебердигин жогорулатуу боюнча атайын машыктыруучуларды да ишке тартууну ылайык көрүүдөбүз. Каражат маселеси кыйын болсо да майыптарга соопчулук кылууга ниет кылган демөөрчүлөр да чыкканы турат. Эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү да жүргүзүп жатабыз.

Кыргызстандык майып спортчуларга үлгү - Роман Өмүрбеков Франциянын жана Шериктеш өлкөлөрдүн эки жолку чемпиону болгон. Майып спортчулардын үч олимпиадасына катышкан, эл аралык спорт чебери Роман Өмүрбеков бул тармакты өнүктүрүүнүн зарылдыгын белгилеп жана өзү сыяктуу кыз- жигиттерге мындай кеңеш берет:

- Майыптарды социалдык жактан коргоо боюнча марафондор өткөрүлүп жүрөт. Анда чогулган каражаттын бир үлүшүн спортчуларды колдоого жумшаса, биз ооруну жеңип, спорт менен ден соолугун чыңдап, келечекке болгон ишеним отун жандырат эле. Себеби, жакшы шарт түзүлсө, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытуучу кыз- жигиттер арбын.

Күлгүн курагында тоодон жыгылып, эки буту баспай калса да үмүтүн үзбөй спорт менен машыгып, 2 жылда спорт чебери болуп, 48 кг салмакта өлкөнүн чемпионуна жеткен, өзү атбашылык Шамырбек Ыдырысов мындай дейт:

- Улуттук паралимпиадалык комитети Эл аралык паралимпиадалык комитетке мүчө болуп, Афина паралимпиадасына жолдомо алган 3 спортчу: Роман Өмүрбеков, Шовкат Мугалимов жана Эдуард Гисовго жакшылап даярдык көрүү үчүн шар түзүүгө аракет кылууда.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG