Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:54

ЖАШТАР ЭМНЕ ҮЧҮН БАШКА ДИНДЕРГЕ ӨТҮП ЖАТАТ?


Ырысбай Абдыраимов, Бишкек Жаштардын башка диндерге өтүшүнө кандай жагдайлар түрткү берүүдө? Жалалабаддык жаш атуулдар анын себебин түрдүү проблемалардан көрүшөт.

Туруктуу идеологиялык саясаттын жоктугунан, оор турмуштун дабаасын жаштар акысыз оюн-зоокторду, диний адабияттарды тартуулаган христиан-баптисттик уюмдардан издеп жатышат. Адистигине жараша жана жашоого ылайык маянасы бар иштин табылбаганынан жаштарда эртеңки күнгө ишеним аз. Областтагы жаштар комитетинин өкүлү Алмаз Аманов ушундай ойдо:

- Өлкөбүздө дин эркиндиги берилген соң, ар түрдүү дин өкүлдөрү иш жүргүзүүдө. Жаштардын башка динге кирүүсүнө өлкөдөгү начар турмуш, өз келечегине ишенбегендиги түрткү болууда.

Алмаз Амановдун мындай пикирин улаган Капар Сатыбалдиев диникайырлыкты башка себептерден издейт:

- Ага адамдардын дин жагынан билимсиздиги, мамлекеттик кызматтардын түшүндүрүү ишинин начардыгы жана элдин жакырчылыгы, мамлекеттик чиновниктердин коррупцияга батышы түрткү берип жатат. Жакырлык күчөгөн сайын андан арылуунун жолун айрым атуулдар динден издейт. Эл өлкөгө зыяндуу эмес, коомдун өнүгүшүнө пайдасы бар диний уюмдарды билиши керек, - деди «Иса машаяк» тобунун башчысы Капар Сатыбалдиев. Анын уюмуна 30 атуул кирген.

Христиандык башка уюмдар өз тарабына эки миңге жакын адам өткөнүн билдиришти. Облустук бийликтин маалыматы боюнча, алардын саны эки жүздөн ашпайт. Акимияттын дин иштери боюнча кеңешчиси Садырбек Качкынбаевдин ою боюнча, диникайырлыктан арылуу үчүн адилетсиздик менен жемкорлуктан кутулуу абзел. Исламдын асыл сапаттарын түшүндүрүүгө диний ишмерлер менен бирге коомчулук тегиз тартылганы дурус:

- Бир тараптуу иш менен маселе чечилбейт. Бул – көп багыттагы, көп кырдуу, мамлекеттик кызматкерлер жана жалпы эл жүргүзө турган жумуш. Биринчи иретте – экономиканы жакшыртып, жумушсуздукту жоюу, диндердин айырмасын түшүндүрүү керек.
XS
SM
MD
LG