Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:40

Башкы прокуратура кыянатчыл кызматчыларды теске сала алабы?


БИШКЕК. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган 284 адамга карата кылмыш иши козголду. Алардын ичинен 80и жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү. Башкы прокуратура баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Уран Абдынасыровго карата да кылмыш ишин козгоп, ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган деген айып коюуда. Андан тышкары бир катар банктардын кудуретсиз болуп, аманатчылардын каражатынын жоголушуна жол бергендиги үчүн Улуттук банктын жетекчилеринин ишине да укуктук баа берилгени жатат. Кылмыш иши козголгондордун арасында Чегара кызматынын, ички иштер министрлигинин, юстиция министрлигинин жаза өтөө мекемелеринин жана айыл, суу чарба министрлигинин кызматкерлери бар. Бул тууралуу башкы прокурор Акыйкат башкаруу боюнча кеңештин шейшембидеги акыркы жыйынында кабарлады.

XS
SM
MD
LG