Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:06

Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгү канааттандырарлык эмес деп табылды


БИШКЕК. 14-майда Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинде өлкөдө өтө оор кылмыштардын өсүшү жөнүндөгү маселе каралды. Ага башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, улуттук коопсуздук кызматынын башчысы Калык Иманкулов, ички иштер министринин орун басары Расулберди Раимбердиев катышты. Отурумда соңку мезгилдерде өлкөдө кылмыштын саны өсүп жаткандыгы маалымдалып, үстүбүздөгү жылы эле бирөөлөрдүн тапшырмасы менен сегиз адам өлтүрүлгөнү айтылды.

Отурумдун соңунда кылмыштардын бетин ачууда ички иштер министрлигинин иши канааттандырарлык эмес деп бааланган токтом кабыл алынды.
XS
SM
MD
LG