Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:35

ОРУС ГЕЗИТТЕРИНДЕ ЭМНЕ КЕП?


Төрөкул Дооров, Москва Чеченстан эли президент тандоо алдында турат. Ахмат Кадыровдун ордуна анын баласы шайланышы ыктымалбы? Орусияда бир жарым кылымдан бери орчундуу проблемага айланган турак-жай маселеси чечилгени турат. Москва шаарынын мэри Юрий Лужковдун аялы өлкөдөгү эң бай аял-ишкер экени айтылууда. Орусиядагы басылмалардын негизги темалары - ушулар.

Кремль чечен жериндеги өз адамынан айрылды - президент Ахмад Кадыров жардыруудан каза тапты. Дал ушул кабар маалымат мейкиндигинде кудум былтыркы жылдын күзүн, Чеченстанда президенттик шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жаткан мезгилди эске түшүрөт. Жергиликтүү басма сөз каражаттарында «Ахмад Кадырдун ордуна эми ким келет?» деген суроого болжолдуу жооптор жамгырдан кийинки козу-карындардай жайнай түштү.

Жуманын башында «Коммерсант», «Время новостей» баш болгон абройлуу басылмалар президенттик такты Ахмад ажынын уулу Рамзан Кадыров мурастап алаарын болжошту. Бирок бейшембиде Рамзан Кадыров президенттик шайлоого катышпастыгын, анткени Конституцияга ылайык, президенттик орунга жашы 30дан өткөн талапкер гана таймаша ала тургандыгын билдирди. Рамзан Кадыров 27де.

Ошентип, биринчи божомолдон баш тартабыз деп турган кезде «Независимая газета» чечен жеринен келген дагы бир жаңы кабар менен окурмандардын башын катырды. Көрсө чечен өкмөтү менен ушул аптада тезинен шайлана койгон мамлекеттик кеңеш Конституцияга да карабай, баары бир президенттик мандатты Рамзан Кадыровго ыйгаруу өтүнүчү менен Путинге кайрылышыптыр.

Буга удаа эле кезинде чечен жеринде кызмат өтөшкөн айрым москвалык генералдар Чеченстанда бийлик атадан-балага өтүшүнө каршы экендиктерин билдирип, шайлоодо Кремль мурдагы чечен депутаты Асланбек Аслахановду колдоо зарылдыгын айтышты. Бул тууралуу «Независимая газета» кабарлайт.

Орусиянын жакында түзүлүп болгон жаңы өкмөтү ушул аптада мыйзам талап кылгандай эле, бир ирет кызматтан бошоп, кайра дайындалды. Бул негизинен көптөгөн саясат таануучуларынын айтымында, кезектеги оюнга окшоп калгандай туюлду.

«Кантсе да, жаңы өкмөт калктын тынчын алган орчундуу проблемаларды тезинен чечүүгө шымалана киришти» дейт «Время новостей». Мына ушундай эле маанайдагы макала «Русский курьерде» басылды. Макалада айтылгандай, өткөн жумада өкмөт мүчөлөрү орус жергесиндеги абалы начар жолдорду оңдоо маселесин көтөргөн эле.

«Новые известиянын» маалыматына ылайык өкмөт 27 мыйзам долбоорунан турган документтердин пакетин карап, аларды мамдумага жиберди. Эгерде жакында Дума мыйзам долбоорлорду кабыл алса, анда 6 жылдан кийин орусиялыктар үчүн үй сатып алуу же аны ипотека боюнча насыяга алуу бүгүнкүгө караганда алдаганча жеңил жана арзан болуп калат экен.

Бейшембиде Орусия тарыхында алгачкы ирет америкалык Forbes журналы орус жергесиндеги 100 байдын тизмесин жарыялады. Февралда ушул эле журнал дүйнөдөгү чириген байлардын тизмесин басып, ал жолу Орусияда 25 милларддер бар деп жазган. Эки ай өтүп-өтпөй алардын саны дагы 11 адам менен толукталып, бүгүн Орусияда 36 миллиарддер бар экендигин маалымдайт журнал.

Бул жагдай эксперттердин айтымында, орус фондулук биржасынын ыкчам өнүгүп жатышы менен байланыштуу. Алардын арасында жалгыз гана аял-ишкер бар. Ал - Москва шаарынын мэринин аялы, үй-курулуш жаатындагы компанияларды башкарган Елена Батурина.

«Бирок орусиялыктар олигархтарды анча деле жакшы көрүшпөйт» деqn «Forbes» журналынын Москвадагы бөлүмүнүн башкы редактору Павел Хлебников:

- Чынында эле, Орусияда байлардын жеке мүлкү тууралуу маалыматты жарыялоо адаттан сырт көрүнүш. Анткени байларды жек көрүшкөн орусиялыктар рынокко, жеке байлыкка жана байлардын коомдогу өзгөчө ролуна үйрөнүшө элек. Ошондуктан байлар да өздөрүнүн мүлкүн жашырышып көнүп калышкан. Бирок акырындап бул коркунучтар жоголуп баратат, орус капитализми кеңири өнүгүү жолуна өтө баштады. Негизи, өлкөдө байлар бай экендигинен уялбай, же коркпой, ошол эле учурда байлыктын да жоопкерчилигин түшүнө билгенде гана капитализм өнүгөт.
XS
SM
MD
LG