Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:32

ЭСТЕН ЧЫККЫС КОНЦЕРТ


«Талант тагдыры» аттуу түрмөктүн жаңы санынан кыргыз, казак, уйгур элдик салттуу музыканын кооз үлгүлөрү менен таанышасыздар. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнө кеңири белгилүү музыка таануучулардын, залкар музыканттардын ойлору менен ортоктош болосуздар.

Кыргыз улуттук консерваториясынын концерттик чоң залы. Угуучулардын көптүгүнөн чычкан жөргөлөп өтө тургандай орун жок. Бул - консерваториянын улуттук борбору уюштурган «Элдик музыка: тарыхы, сактоо жана өнүктүрүү маселелери» аттуу эл аралык илимий тажрыйбалык семинардын катышуучуларына арналган концертти эле. Концертке азери, тажик, уйгур элдик музыкасынын байыркы кооз үлгүлөрүн аздектешкен ар кыл курактагы залкар шайырлары катышты.

Алсак 12 жаштагы Аидадан тартып 82 куракты желкелеген Асек Жумабаев, Азербайжандан, Тажикстандан, Казакстандан келишкен жана жергиликтүү уйгурлардын өкүлдөрүнөн турган шайырлардын көңүлдөн өчкүс, көкүрөктөн чыккыс салттуу чоң концерти өттү.

- Элдик музыканын концерттерин көбөйтсөк жакшы болчудай. 80ден ашкан Асек Жумабаевдин ырдаганы мени аябай таңгалтырды. Асек, Мусанын «Алма аламын» катыра ырдады. Мен бүгүн абдан эс алдым. Кыргыз экенимди дагы бир жолу сездим. Чоң кубанычтын кучагына баттым, - дейт СССРдин эл артисти, Кыргызстандын эл баатыры, дирижёр Асанкан Жумакматов сыймыктана.

Өзбекстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, 79 жаштагы профессор Кароматали Файзулла Музафаровичти угалы:

- Биринчиден, концерт өзүнүн көп жанрдуулугу, маңызынын байлуулугу менен жакшы өттү. Биздин эл аралык семинарда айткан ойлорубузду, сунуштарыбызды элдик музыка жана устаттар аркылуу жаштарга жеткиришибиз керек. Ар бир калктын маданиятын кулак менен угуп тим болбостон, көз менен да көрүп, асылданып, ырахаттануу алышыбыз да зарыл. Элдик салттуу музыка аркылуу жаштарды эстетикалык жактан тарбиялоо бүгүнкү күндүн башкы маселелеринен болуп кала бермекчи - дейт өзбекстандык музыка таануучу, профессор Файзулла Кароматали.

Байыркы уйгур музыкасынын ар кандай үлгүлөрүн беш колундай билген көрүнүктүү дутарчы Абдырашит Надыров семинарга жана концертке катышкандыгына кубанычын жашырбады:

- Мен өзүм 70 жашка чыктым. Бүгүн чоң кубанычтын кучагына батып толкунданып турам. Эмне үчүн курсант болуп турам. Биринчиден, мамлекеттик концерваториянын чоң залында өткөн концертке, семинарга катышканыма аябай ыраазымын. Мындан ары да уйгурларды концерттерге такай чакырып турушса дейм, - дейт көрүнүктүү дутарчы Абдырашит Надыров.
XS
SM
MD
LG