БИШКЕК. Кыргызстандын Ош шаарындагы көз карандысыз ОшТВ телекомпаниясы «Ишкер практикадагы жогорку сапат үчүн» эл аралык фонддун «Ишкер практикадагы жогорку сапат» аттуу алтын медалына татыктуу болду. Телекомпаниянын директору Халилжан Худайбердиевден бүгүн алынган маалыматка караганда, бул эл аралык сыйлык телекомпаниянын ишин мындан ары да жандантып, маалымат таратуу принцибин бекем карманууга өбөлгө берет. Ал эми телекомпанияны сыйлык алуу конкурсуна массалык маалымат каражаттарынын ишин иликтеген чет өлкөлүк эксперттер сунуштаган. «Ишкер практикадагы жогорку сапат үчүн» эл аралык фонддун сыйлыгы жеңүүчүлөргө ушул жылдын 24-25-июнь күндөрү Женева шаарында, «Бизнестин жогорку сапаты үчүн» деген тема алдында өтүүчү үчүнчү эл аралык форумда тапшырылат. «Ишкер практикадагы жогорку сапат үчүн» эл аралык фонддун сыйлыгына буга чейин 10 мамлекеттин компаниялары татыган.