Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Иракта артиллериялык снаряддан уулуу газ табылганы жөнүндөгү маалымат дагы иликтөөнү талап кылат


АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелддин билдиргенине караганда, алгачкы анализдер снаряддын тутумунда уулуу зарин газы бар экенин ырастады, бирок ал кошумча текшерүүнү талап кылат. Америкалык аскерий өкүлдөрдүн айтымында, Ирактагы жоокерлеринин экөөсү мындан бир нече күн мурун снаряд жарылган кезде ууландыруучу заттын таасирин сезишкен. АКШнын аскерий инспекторлорунун мурдагы башчысы Девид Кейдин айтымында, бул мурда байкалбай калган эски снаряддардын бири болушу мүмкүн. БУУнун курал -жарак инспекторлорунун мурдагы башчысы Ханс Бликс да ал снаряд 90-жылдардын башындагы согуштан калган болушу ыктымал деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG