Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

АЛИЕВДИН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТЕЛГЕН ЖАНСАКЧЫ, МОМУН ЧАЛДЫН ОБРАЗЫ, КУЛОВДУН МАЕГИ


18-майда жарык көргөн “Агым” басылмасында “Ар-намыс” партиясынын абакта жаткан төрагасы Феликс Кулов менен маек жарыяланды. Ал эми “Аалам” басылмасы Ысыккөлдө өткөн эл аралык туристтик жармаңке тууралуу макалага орун берди.

18-майда жарык көргөн “Агым” басылмасында Чыныбек Алиевдин өлүмү боюнча божомолдорго байланыштуу «Форум» ишканалар бирикмесинин президенти Алмаз Атамбаевдин интервьюсу жарыяланды. Анда «Алиевдин буюртма өлүмүнө менин кызматкерим аралашканы чын болсо, анда ал өзү жооп берсин. Муну менен мени саясий интригага түртө алышпайт», дейт Алмаз Атамбаев.

Ушул эле басылмада өлкөдөгү медицинанын абалы, кайсыл оорулар алдыга чыкканы жана алардын себептери, кошумча акы төлөөнүн натыйжалары тууралуу депутат Ишенбай Молдоташев ой бөлүшөт.

"Агым" басылмасында дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- «Агымдын» бул санын «Каалга» рубрикасы менен ачтык. Мында белгилүү жана белгисиз инсандардын жан-дүйнөгө байланыштуу суроолорго берген жооптору, сессиядан алынган маалыматтар, өлкөбүздүн, дүйнөнүн саясый-экономикалык, спорт турмушунан алынган кабарлар жарык көрдү. «Ат жалында» рубрикабыз дагы Алмаз Атамбаевдин тегерегиндеги ой-пикирлерге арналууда. «Ар-намыс» партиясынын абакта жаткан төрагасы Феликс Кулов өлкөнүн укук коргоо органдары, кылмыштуулук, бир мандаттуу шайлоо, партиялык тизме жана азыркы саясый кырдаал тууралуу окурмандар менен ой бөлүшөт.

18-майда жарык көргөн «Аалам» басылмасы Бостеридеги «Кыргыз деңизи» санаторийинде өткөн «Кыргызстандагы жайкы эс алуу жана туризм Ысыккөл-2004» эл аралык жармаңкеси тууралуу журналист Кенжебек Арыкбаевдин баяндамасына орун берди. Ушул басылмада жарыялаган макалалардын мазмуну менен жооптуу редактор Нарынкүл Назаралиева тааныштырды:

- Баяндамачыбыз Кенжалы Сарымсаков айыл чарба тармагына бөлүнгөн гранттарды «жең ичинен» жеп койгондор, тууган-уруктарына бөлүштүрүүлөр жана жеңилдетилген кредиттерди кимдер алгандыгы тууралуу талдоого алган макаласы жарык көрдү. Ош обулусунун бир нече атуулдары кол коюп, Ысыккөлдүн губернатору Токон Шайлиевага жазган кайрылуу каты жарыяланды. Мында көл жээгинен 800 гектардан ашуун жерди Кытайлык ишкерлерге 49 жылга арендага берүү маселесин облустук деңгээлде чечүүгө болбостугун айтуу менен бул маселени өкмөт, парламент менен кеңешип чечүү керектиги баса белгиленет. Арендага берилген жерлер кийин кайра алынбай, түштүк жергесинде мындай жагдайлар көп болгону эскертилет.

Шаршембиге жасууга даярдалып жаткан “Адабий гезитте” Кыргыз эл акыны, Социалисттик эмгектин баатыры, маркум Аалы Токомбаев менен журналист Тенти Орокчиевдин маеги жарыяланууда. «Адабий гезит» басылмасындагы макалалардын мазмуну тууралуу редактордун орун басары Айзада Көчкөнбаева мындай дейт:

- Жазуучу, окумуштуу Болот Акматов «белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестиндеги "Момун чалдын образы оң каарманга жатпайт" деп, анын себептерин талдоого алат. Ошондой эле Кыргыз эл жазуучусу Качкынбай Осмоналиевдин алгачкы махабаты тууралуу баяндама бар. Акындар Алик Акималиев, Акылбек Мамадалиев, Нурлан Калыбеков жана башкалардын жаңы ырларына орун берилүүдө.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG