Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Тони Блэрге күкүм ыргытылды


ЛОНДОН. Бүгүн Британия парламентинин төмөнкү палатасында бир адам премьер-министр Тони Блэрди карай сыя түстөгү күкүм салынган тоголок затты ыргытты. Бул окуяга байланыштуу имараттагылар тышка чыгарылып, коопсуздук чаралары көрүлдү.
Байкоочулар тоголок затты бейтааныш жигит конокторго делген бөлмөдөн чыгып келип ыргыткандыгын айтышты. Полиция кийинчерээк бул окуя боюнча эки адам кармалгандыгын кабарлады.

Кечки жаңылыктарды даярдаган - Бурулкан Сарыгулова, Прага

XS
SM
MD
LG