Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:00

Индиянын жаңы премьер-министри болуп Манмохан Сингх дайындалды


Индиянын жаңы премьер-министри болуп Манмохан Синх дайындалды. Ал 1991-жылдан 1996-жылга чейин өлкөнүн каржы министри болуп иштеген жана байкоочулар аны Индиянын экономикалык реформаларынын архитектору деп атайт. Сингхтин айтымында, Индиядагы реформалар уланат:

- Адамга өзгөчө мамиле кылуу менен кошо экономикалык реформалар уланат. Өз элибизге жана бүткүл дүйнөгө биз реформаларды кантип жүргүзүү керек экенин көрсөтөбүз.

Парламенттик шайлоодо жеңип чыккан "Конгресс" партиясы премьерликке партия төрайымы Соня Гандини көрсөткөн, бирок ал эки жолу андан баш тартты, анткени кээ бир саясатчылар - Индияны чет өлкөлүк адам башкарбаш керек деп чыккан. Италияда туулган Соня Ганди - Ражив Гандинин жесири жана Индира Гандинин келини.

XS
SM
MD
LG