Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:30

ВАТИКАНДЫН КАЙРЫЛУУСУНА ЕВРОПАЛЫК ААЛЫМДАРДЫН ПИКИРЛЕРИ


Рим-католик чиркөөсүнүн жетекчилиги 14-майда жасаган билдирүүсүндө тарса-католик аялдарды мусулмандарга күйөөгө чыгуудан этият болууга чакырды. Католик чиркөөсү - дүйнөдөгү ири диндер сыяктуу – конфессиялар ортолук же диндер аралык үй-бүлө курууну колдобойт. Бирок Ыйык Ватикандын соңку кайрылуусун байкоочулар Рим католик чиркөөсү дүйнөдөгү бардык тарса чирөөлөрүн баш коштурууга бел байлаган сыяктуу деп боолгошууда.

Аптанын шейшемби күнү 84 жашка чыккан Рим католик чиркөөсүнүн Папасы - Иоан Павел Ватикандын төрүн ээлегенден берки чейрек кылым ашык өмүрүндө дүйнөдөгү чоң диндердин бирин бири аңдоосу үчүн көп далалат кылды. Ал мечитке барып ибадат кылган Рим католик чиркөөсүнүн биринчи жетекчиси.

Павел 2-чинин аракетине карабай, Ватиканда тарса аялдардын бөтөн диндеги адамдар менен баш кошуусуна каршы маанай бар экенин 14-майда жарыяланган кайрылуу күбөлөйт. Ватикандын мигранттар менен качкындарга кам көрүү кызматынын башчысы кардинал Стефен Фумио Хамаонун каты католик аялдарды мусулман эркектерге күйөөгө чыгардан мурда кылдат ойлонууга, анткени, мусулман бүлөлөрдүн мүчөлөрүнүн укуктары жакшы корголбогондуктан, бөтөн чөйрөдө жашоо кыйын болоору эскертилет.

Кат, ошондой эле, мусулмандарды “инсандын насил-наркын урматтоого, аял менен эркектин тең укуктуулугун бекем тутууга, демократияга таянган бийликтерди коргоого” үндөйт.

Ватикандын кайрылуусу Европада жашаган мусулман аалымдарды таң калтырды. Британиядагы Маркфилд жогорку билим берүү институтунун архивариусу Низам Мохаммед айрым мусулман өлкөлөрүндө аялдар кемсинтип, кордолгонун айтып, бирок бул жалпы ислам дүйнөсү үчүн жат көрүнүш дейт:

- Ислам дини аялдарды басмырлоого карамандай каршы. Исламда аялдарга Батыш коомуна караганда да чоң укук берилген. Алар экинчи даражалуу адам эмес. Аялдарда мураскер болуу укугу бар. Алар эркин жана үй-бүлөнүн чыныгы башчылары. Тилекке каршы, Ватикандын билдирүүсү ислам окуусунда жок нерселер тууралуу айткандай таасир калтырат.

Ал эми Лондон университетинин алдындагы Ислам институтунун изилдөөчүсү Гыязиддин Сыддыкы Ватикандын каты мусулмандарды кемсинткен маанайда жазылган деген пикирде:

- Менин оюмча, Ватикандын наалуусу биздин коомду муунтуп жаткан исламофобияга үн кошууда. Биз андан алыс болушубуз керек. Береги исламофобия менен террорчулукка каршы согуштун чыгышына саясат себепчи болду.

Католик кызына үйлөнгөн Мохаммеддин айтымында, Рим католик чиркөөсү диндер аралык никени өтө эле үлкөн проблемага айлантып жиберген:

- Мен католик аялга үйлөнгөн мусулманмын. Аялым экөөбүз бири-бирибизди эч качан өз динибизге өткөрөлү деп аракет кылбадык. Өкүнүчтүүсү, биздин балдарыбыз жок. Насип буйруп, балалуу болуп калсак, балдарымдын мечитке жана католик чиркөөсүнө баруусуна, өздөрү каалаган жолду тандап алышына жолтоо кылбайм.

Мохаммед мындай дегени менен, тарса үй-бүлө уул-кыздарынын ата-бабасы аздектеп келген жолдон чыкпасын каалары талашсыз. Анын сыңарындай эле, мусулман бүлө жаңы төрөлгөн наристени чиркөөдө чокундурбаганы турган иш. Ислам дини мусулман аялдардын каапырларга күйөөгө чыгышына уруксат бербегени же Ватикандын католик аялдарга жасаган кайрылуусу ушул жагдайларга байланыштуу.

Германиянын Тюбинген университетинин католик теологу Ричард Пузанын сөзүнчө, Ватикандын кайрылуусун айтпаганда да, чиркөөнүн тарсалар менен мусулмандар ортолук никени каалабаганы анык. Ошентсе да, “Ватикандын тынчсыздануусун исламды сындоо катары эмес, католик аялдарга эскертүү иретинде баалаш керек. Анткени, ислам өлкөлөрүндө жашаган эки башка диндеги бүлөлөрдө аялдар кордолгонун тастыктаган далилдер өтө аз”.
Ричард Пуза:

- Көпчүлүк ислам өлкөлөрүндө укук менен адилеттик биздин Европадагыдай эле маанилүү экени мен үчүн айдан ачык нерсе.

Кандай дебейли, бүгүнкү глобализацияланып бараткан дүйнөдө улуттар аралык сыяктуу эле, диндер ортолук үй-бүлө куруу кеңири жайыла берээрин турмуш көрсөтүүдө.
XS
SM
MD
LG