Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Кыргызстан менен Кытайдын соода алакасы артат


БИШКЕК. Кыргызстан менен Кытайдын соода-экономикалык кызматташуусунун мындан аркы багыттары эки өлкөнүнң өкмөттөр аралык комиссиясынын Пекинде өткөн алтынчы отурумунда аныкталды. Мындай маалыматты бүгүн «Кабар» агенттиги Кытайдын Синхуа агенттигинин кабарына таянып таратты. Ал маалыматка караганда, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин өкмөт башчысынын орун басары Хуан Цзюй Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык байланышты чыңдоо үчүн эки тарап тең инвестицияга ыңгайлуу шарт түзүп, алаканын формаларын дайыма аныктап туруу зарылдыгын билдирди. Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министри Аскар Айтматов мындай аракеттерди ишке ашырууга кыргыз бийлиги даяр экендигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG