Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:31

Ирактын жетекчилер кеңешинин мүчөсү Ахмад Чалабинин үйүнө тинтүү жүргүзүлдү


БАГДАД. Бейшемби күнү америкалык аскерлер Ирактын жетекчилер кеңешинин мүчөсү Ахмад Чалабинин үйүн курчап алышып, Ирактын полициясы тинтүү жүргүздү. АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд буга АКШнын тиешеси жок экендигин билдирди:

- Мага мындай операция жасалары тууралуу билдирилген эмес. Менин билишимче, бул ишти ирактыктар жасашкан. Ошондуктан анын себебин Ирактын жетекчилигинен сураш керек.

Ахмад Чалабинин өзү болсо америкалык саясатты сындагандыгына байланыштуу АКШ тарабынан куугунтукка алынып жаткандыгын айтты.

XS
SM
MD
LG