ИЕРУСАЛИМ. Израилдин премьер-министри Ариэль Шарон ушул аптада Газа тилкесинен өз аскерлерин чыгарып кетүү тууралуу жаңы планын сунуштайт. Бул тууралуу анын өкүлү маалымдады. План аскерлерди тилкеден акырындык менен чыгаруу максатын көздөйт. Айдын башында Шарондун мурдагы планын “Ликуд” партиясы колдобой койгон. Шарондун өкүлүнүн маалымдашынча, бул ирет пландын жаңы үлгүсү министрлер кабинетине добушка коюлат.
Ал эми Газа тилкесинде Израил аскерлери атайын операцияларды улантууда. Жекшемби күнү Рафахта айыгышкан атышуу болду. Иордандын батыш жээгинде машинанын жарылганынан үч палестиндик согушкер набыт болду.