Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

ТЫҢШООЧУ АППАРАТТАР УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ ТАРАБЫНАН КОЮЛДУБУ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек 24-майда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны депутаттардын иш бөлмөлөрүнөн 14-январда табылган тыңшоочу аппараттар боюнча талкууну аяктап, токтом кабыл алды. Токтомдо депутаттардын Конституциялык укугунун бузулушуна жол берген жогорку бийлик өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартуу чараларын аныктоо мамлекет башчысына сунушталды.

Жыйынга башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев, ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов катышышты. Эки күнгө созулган талкууда депутаттык комиссиянын мүчөлөрү депутаттардын иш бөлмөлөрүнөн табылган тыңшоочу аппараттар улуттук коопсуздук кызматы тарабынан 2001-жылдын соңунда коюлгандыгын айтышты. Ага далил катары алар улуттук коопсуздук кызматы тарабынан Жогорку Кеңештин оппозициячыл маанайдагы депутаттарына жашыруун ат коюлуп, алардын бардык аракеттерин аңдуу боюнча атайын иштердин ачылгандыгын жана башка фактыларды келтиришти.

Депутат Азимбек Бекназаров «улуттук коопсуздук кызматы баш болгон тартип коргоо органдары Кыргызстандын коопсуздугун камсыз кылбай, мамлекет башчы Аскар Акаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн иш алып барган органга айланды» деген пикирин ортого салды:

- Бүгүнкү күнү бардык бийлик бутактары бир гана мамлекет башчы жана анын үй-бүлөсүнө кызмат кылууда. Бул - биздин мамлекеттик системанын чирип, аны өзгөртүү зарылдыгы пайда болгондугунун белгиси. Буга чейин сиздер тартип коргоо боюнча үч мамлекеттик органдын ишмердүүлүгүн талкууладыңыздар. Алар эч убакта элге кызмат кылбай жаткандыгына күбө болдуңуздар.

Ал эми депутат Дооронбек Садырбаев улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү оппозиция өкүлдөрүн аңдып жүргөндө, өлкө коопсуздугуна коркунуч туудурган бир катар окуялар болду дейт:

- Улуттук коопсуздук кызматы Азимбек Бекназаровдун, Текебаевдин, Садырбаевдин артынан жүргөндө Аксыдагы кандуу окуя болду. Улуттук коопсуздук кызматкерлери Адахан Мадумаровдун, Бектур Асановдун артынан жүргөндө милициянын полковнигин жана Мааткабылов деген белгилүү ишкерди атып кетишти. Демек бүгүнкү күнү улуттук коопсуздук кызматы өзүнүн ишин жасабай эле, башка иштер менен алектенүүдө.

Ал эми депутат Бектур Асанов «бүгүнкү күнү өлкөнүн жалпы тартип коргоо органдарында түзүлгөн абал Аскар Акаевдин он жылдан ашуун уруучулукка, жердешчиликке бөлгөн саясатынын жыйынтыгы» деген пикирин ортого салды. Айрым депутаттар оппозициячыл маанайдагы депуттардын мындай пикирине макул болушкан жок. Бакыт Керимбеков, Махмуд Күчүков депуттаттык комиссиянын берген маалыматтынын адилеттүүлүгүнөн шектенишип, каралган маселе боюнча кандайдыр бир чечим кабыл албоону сунушташты.

Ал эми улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов тыңшоочу аппараттар ал жетектеген мекеме тарабынан коюлбагандыгын жана депуттардын аракеттерин аңдуу болбогонун билдирди:

- Бизде эл аралык террорго, баңгичиликке каршы күрөшүү боюнча жашыруун топтор бар. Алар биздин өлкөдө эле эмес башка өлкөлөрдө да өз ишмердүүлүгүн жүргүзүшөт. Алардын бири да депутаттарга каршы иш алып барышпайт. Ошондой эле айрым депутаттардын бөлмөсүнө тыңшоочу аппараттардын коюлушуна улуттук коопсуздук кызматынын тиешеси жок.

Адахан Мадумаров, Исмаил Исаков жана башка депутаттар тыңшоочу аппараттардын коюлушуна аткаруу бийлиги күнөөлүү экендигин айтышып, тергөө иши бүткүчөктү улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкуловду жана президенттик администрациянын башчысынынын орун басары Болот Жанузаковду ээлеген кызматынан убактылуу бошотууну сунушташты. Алардын мындай сунушу колдоо тапкан жок.

Талкуунун соңунда төрт пункттан турган токтом кабыл алынды. Анда депутаттык комиссия топтогон материалдарды башкы прокуратурага өткөрүп берүү жана депутаттардын Конституциялык укугунун бузулушуна жол берген жогорку бийлик өкүлдөрүн жоопкерчиликке тартуу чараларын аныктоо мамлекет башчысына сунушталды. Ошондой эле токтомдун негизинде атайын иликтөө иштерин жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу боюнча туруктуу иштей турган депутаттык комиссия түзүлө турган болду.

XS
SM
MD
LG