Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Таластык милиционерлердин үстүнөн кылмыш иши ачылды


ТАЛАС. Талас шаарынын эмгек ардагери Жаныш Алыбаевдин уулу Дамир Алыбаевди шаардык милициянын бир нече кызматкерлери аны кылмыш жасаганга шектүү деп кармаган учурда, уруп-согуп, денесине залал келтиришкен. Бул факты боюнча судмедэкспертизанын өткөн жылдын 11-ноябрь күнкү тастыктаган документи да бар. Бирок шаардык милиция да, прокуратура да карапайым адамдын арызын кулак сыртынан кетирип келген. Чындык издеген ардагер облус губернаторуна арызданган соң гана мурда сөз укпаган облус прокурору Талас шаардык прокуратурасына көрсөтмө берип, ал жерде Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 105-беренесинин биринчи бөлүмү менен айыпкерди уруп-соккон факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Укук коргоо органдарынан адилеттик табалбайсың деп түңүлгөн ардагер Жаныш Алыбаев бул арыз-муңун акыйкатчынын облустук бөлүмүнө да жолдогон.

XS
SM
MD
LG