Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:46

ЕВРОПАНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ МАДАНИЯТ КҮНДӨРҮ БАШТАЛДЫ


25-майда Бишкекте Европанын маданият күндөрүнүн ачылыш аземи өттү. Карт континент менен Азиянын чок ортосундагы Кыргызстандын өз ара карым-катышы жылдан-жылга арбып баратат. Бир жума бою башкалаанын калкы Европа киночуларынын жаңы чыгармалары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бишкектин чок ортосундагы «Алатоо» кинотеатрында Европа сүрөткерлеринин 11 көркөм тасмасы көрүүчүлөрдүн сынына коюлат.

Европанын биринчи ирет Бишкекте ачылып аткан маданият күндөрүнүн ачылыш аземинде Кыргызстан менен Евробиримдиктин гимндери жаңырды.

Кыргыздын чоорунан эч айырмасы жок голландыктардын элдик күүсү ойнолду. Европа элдик ырларын комуздун коштоосунда келиштире аткарган кыргыз кызы Каныкей, соңунда Алатоонун мөлтүр булагынын шыңгырын коштогон авазга салып эне тилинде обон созду.

Кыргыз киносунун атын чыгарып, сыйкырдуу керемет өнөрдүн учугун улап келаткан сүрөткер Актан Арым Кубат ачылып аткан маданий иш-чаранын маани-жайын момундай чечмеледи:

- Бул кишилерди алып келип, бизге жаккан, алардын жактыруусуна ээ болгон программаларды ишке ашырып атканыбызга сүйүнүп атам. Кандай болбосун бул иш-чара биздин маданиятыбызга, биздин ички дүйнөбүзгө чоң таасир берет ко деп ойлойм. Көп билсек, көп сезсек ички дүйнөбүз байыраак болобу деп ойлойм.

Евробиримдиктин Кыргызстан менен Казакстандагы элчиси Алан Вадмс мырза Европа күндөрүн өткөрүү демилгеси козголгондон бери эки жыл өткөнүн айтып, колдон келсе мындай иш-чараларды ай сайын уюштурса жакшы болор эле деген изги тилегин билдирди:

- Ыймандай сырымды айтсам, мындай иштерди ай сайын өткөрүп турса болмок. Бирок да бир айда өткөрүп турууга жетише албай калабызбы деп корком. Себеп дегенде, мына азыр өткөрүп аткан ишти эки жыл ичинде даярдадык. Буюрса, бул дагы уланат деген үмүттөбүз. Ушу азыр саясат тууралуу айтуу оңтойсузураак, антсе да Евробиримдик менен Кыргызстандын саясий-экономикалык, маданий карым-катышы жылдан-жылга тереңдеп баратканын айткым келет.

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Осмонакун Ибраимов Евробиримдиктин гимни Людвиг Бетховендин «Жыргал күүсүн» уккан соң Кыргызстандын да коңшу өлкөлөр менен ынтымак-ырашкерликте жашоо ниети бар экенин белгиледи. «Жыргал күүнүн» автору маалынан озунуп Европа мамлекеттери бир түндүктүн алдында түтүн булатуу идеясын айтып койгонун отургандардын эсине салды:

- Евразия континентинде, биздин заманда баарыбыз баш кошуп, биргелешип күн кечире турган убакыт деле алыс эмес деп ойлойм. Борборазиялыктар деле европалыктарга окшоп биригише аларына ишенем. Европа биримдиги ачыктыгы жана жарнакташуусу жагынан бизге үлкөн үлгү болуп бере алат, - деп айтты мамлекеттик катчы О.Ибраимов.

«Алатоо» кинотеатрынан өрүш алган чоң азем өнөрпоз балдар менен элчилердин биргелешкен оюн-тамашасы менен уланды.
XS
SM
MD
LG