Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:03

МИСИР АШЫРКУЛОВДУН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ЫЗЫ - ЧУУ, БАЛДАРДЫ КОРГОО КҮНҮ, УЙКУДАГЫ МИНИСТР


Шаршембидеги “Аргументы и факты - Кыргызстан” басылмасы өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун кызматтан кетишинин себептерин иликтөөгө алат.

27-майда басууга даярдалып жаткан “Жаңы ордо” басылмасында “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук бирикме тууралуу макала жарыяланууда. Анда ушул бирикменин алдына койгон максаттары жана алар тууралуу элдин, саясатчылардын ой-пикирлери берилүүдө. Ошондой эле ушул бирикменин мүчөсү, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Адахан Мадумаровдун “Бийлик өз өкүлүн өткөрө албайт” деген маеги жарыяланууда. “Эгерде пикирлерибиз келишпей калса, анда мен бул кошуундан чыгып кетүүгө даярмын” дейт Адахан мырза.

Ушул эле басылмада кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу «Жаңы ордо» гезитинин редакторунун орун басары Чамашев Азизбек мындай дейт:
- Улуттук коопсуздук кызматы тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Абдумомуновдун маеги жарык көрүүдө. Анда алардын кызматы ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгүн кайталап, контрчабуул кызматы көңүл сыртында калганы, депутаттарды тыңшоонун ордуна терроризмге каршы иш жүргүзүү боюнча сунуштары айтылат.

Ал эми 27 - майда чыгууга даярдалып жаткан «Заман Кыргызстан» басылмасы 1- июнь балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арнап, «Балам - бактым, балам - базарым» деген макалалар түрмөгүн берүүдө. Мында өлкөдөгү балдардын көйгөйлөрү, төрөлүүсү, келечеги тууралуу кеп болот. «Заман Кыргызстан» басылмасындагы айрым макалалардын мазмуну менен редактордун орун басары Нургүл Максүтова мындайча тааныштырды:

- Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Жангороз Каныметов Боромбай манап тууралуу жазып, анын тарыхтагы орду, ишмердүүлүгү жөнүндө сөз кылат. Кыргыз эл артисти Күнболот Досумбаевди эскерип, анын адамкерчилиги, үй бүлөгө камкордугу тууралуу маркумдун жубайы айтып берет. Акын Алтынай Темированын чыгармачылыгы тууралуу да баяндама бар.

Бейшембиде жарык көргөн «Общественный рейтинг» жумалыгында өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун кызматтан кетишине эмне себеп болду? “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук кошууну алдына койгон максаттарын аткара алабы? Алардын демилгесин эл колдоого алабы? Өлкөдө эң таасирдүү саясатчы ким? “Кыргызгаз” акционердик коомун банкрот кылууга кимдер кызыкдар? Мына ушундай суроолорго журналисттик иликтөө жүргүзүшкөн. Ушул жумалыкта дагы кандай макалаларга орун берилгени тууралуу басылманын кызматкери Канат Деркембаев буларды кабарлады:

- Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Даврон Сабиров өлкөдөгү коопсуздук кызматынын ишмердүүлүгү жана депутаттык комиссиянын жыйынтыктары тууралуу интервью берген.

Андан тышкары Битиен” долбоорунун жетекчиси Ханс Велгелим мырза «коррупция - учурдагы эң көйгөйлүү элемент, ал өлкөнүн келечегине чабылган балта. Аны менен күрөшүүнү азыр колго албаса, анда чет өлкөлөрдүн ишеними жоголот» дейт. Аны менен болгон маектешүү да жарыяланды.


Шаршембиде жарык көргөн “Аргументы и факты” жумалыгынын Кыргызстандагы тиркемесинде журналист Дмитрий Орловдун “өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловду президент эмне себептен кызматтан алганына 3 божомолу жарыяланды. “Өлкөдө саясий кризис жетээр чегине жетти. Оппозиция менен бийликтин тирешүүсү дагы уланса эки жээкте кармашуу болушу ыктымал. Ал эми “Адилет шайлоо үчүн” атуулдук кошуунун түзүү идеясы жогорку бийлик тарабынан чыгып, элдешкис эки тараптын биригиши акылга сыйбаган жорук. Эгерде чындап эле “Адилет шайлоо үчүн” кошууну өлкөдөгү булганыч шайлоо системасына туруштук берип, калыстык кылса, анда эрдик жасаганы” дейт автор.

Ушул эле тиркемеде журналист Ибрагим Рустамбек өлкөнүн улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Калык Иманкулов менен маектешкен. “Менин офицердик милдетим - бир ууч авантюристтерди тыңшап, аңдуу эмес, өлкөгө кызмат кылуу” дейт Калык Иманкулов.

26-майдагы «Вечерний Бишкек» басылмасында журналисттер Ольга Безбородова менен Виктор Виноградов «өлкөнүн айыл чарбасы министрлигинде Александр Костюк башкарган 4 жылда эч кандай жылыш болбогонун, тамеки, пахта, пияздын түшүмдүүлүгү начарлап, жүн өндүрүү солгундаганын, картөшкө чирип, дыйкандар азап тартканы айтылып,өлкөдө агрардык реформа токтоп калганы сынга алынды. Макала «Уйкудагы министрди ойготкула» деп аталат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG