Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:41

ТБИЛИСИ ШААРДЫК СОТУ ТӨРТ ЧЕЧЕНДИ КЕСТИ


24-майда Тбилиси шаарынын соту чечен улутундагы 4 кишини 4 жылга түрмөгө кести. Чечен сепаратисттери деп болжолдонгон төртөөнө 2002-жылы абактын кароолчулары менен мушташа кеткен деген айып тагылды. Байкоочулар бул сот жараяны расмий Тбилиси чечен согушчандары деп шектелгендерге каршы күрөштү күчөтө баштагандыгын айгинелейт деп жатышат.

Тбилиси сотунун өкүмүн грузин укук коргоочулары менен чечен качкындары тынчсыздануу менен кабыл алышты. Саясий туткундардын укуктарын коргогон бейөкмөт уюмунун жетекчиси Нана Какабадзе сотто тагылган айыптоолор далилденген жок деп ырастайт:

- Бул өкүмдү адилетсиз деп эсептейм. Бул адамдар күзөтчүлөр менен эч кандай чатакка барышкан эмес. Соттун өкүмү аларды абакта кармап туруунун гана амалы.

Соттолгондор мындан эки жыл мурун Грузин-чечен чегарасында колго түшкөн 13 кишинин арасында болчу. Алардын бешөө Россияга экстрадицияланып, быйыл февралда 18 айдан 10 жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө кесилишкен.

Калгандарына болсо качкындардын арасына жашынып, Грузиянын чегарасын бузгандыгы үчүн айып тагылган. Бирок Грузиянын жогорку соту кармалгандар чегарачыларга документтерин көрсөткөнүн, өлкөгө тынч ниет менен келгендигин далилдеди.

Бир нече ай мурун алардын үчөө түрмөдөн бошотулган. Бирок эркиндикке чыгаары менен экөө табышмактуу жагдайда дайынсыз жоголуп кетти. Укук коргоочулар чечендер Россияга жөнөтүлүп жиберди деп ырастап келатышат. Грузин бийлиги болсо мындай айыптоону четке какты.

Грузияда жашаган чечен качкындарынын бири дайынсыз жоголуп кеткендер сыягы Россиянын абагында барымтада кармалууда деп болжолдойт.

«Мындай окуяны мен да өз башыман кечиргем. Мени түрмөдөн алып чыгыш үчүн туугандарым 5 миң доллар төлөгөн. Мындай практика азыр кеңири тараган. Жоголуп кеткен чечендер Ессентуки шаарынын абагында кармалууда. Көрөрсүңөр, аларды бошотуу үчүн орустар акча талап кылышат. 16-февралда чечендер Грузиянын качкындар боюнча министрлигинен керектүү кагаздарын алганы бараткан жеринен кармалып, Коопсуздук органдарына тапшырылган. Кийинчирээк Ларс чегара постунда орус тарапка өткөрүлүп берген. Ата-энелери алар жакында боштулат дешти», - деп маалымдады атын атабаган чечен качкын.

Расмий Москва Грузия Панкиси капчыгайында чечен согушчандарын жашырып жүрөт деп, мурдагы президент Эдуард Шеварднадзени сындап келгени маалым. Панкисиде 7 миңге чукул этникалык чечен жашайт. Андан тышкары чөлкөмдө жүздөгөн качкын баш пааналап жүрөт.

Февраль айында Грузиянын жаңы мамлекет башчысы Михаил Саакашвили Москвадагы визити маалында Россия менен солгундай түшкөн мамилелерди калыбына келтирүү максатында чечен сепаратисттерине каршы күрөштү күчөтүүгө убада кылган.
Апрель айынын этегинде эки өлкөнүн чегара департаменттери өз ара кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Жергиликтүү укук коргочулар Саакашвлинин Россия менен жакындашуу аракеттери Грузиядагы чечен качкындарынын тагдырына терс таасирин тийгизет деп чочулашат. “Новости Грузии” маалымат агенттиги дүйшөмбү күнү соттолгон чечендердин адвокаты апелляциялык арыз менен жогорку инстанцияга кайрылганы жатат деп кабарлады.

Бирок чечен качкындары бул иштен майнап чыгаарына ишенишпейт. Үч жыл мурун, Панкиси жаңжалы туу чокусуна жетип турган кезде, Москва грузин жарандары үчүн виза режимин киргизген эле. Андыктан, Тбилиси Москва визаларды алып салаар бекен деп үмүттөнүп жаткан чакта, алдыда айтылгандай эле, чечендердин бошотулушу күмөн.

XS
SM
MD
LG