Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:04

Ирактын түштүгүндө уруштар уланууда


Маалыматтарга караганда, Нажаф шаарындагы өткөн түнкү уруштарда америкалык аскерлер шийиттердин радикал дин ишмери Моктада ас-Садрдын жакын жардамчысын туткундаган. "Ассошейтед пресс" агенттиги салгылашта 20дан ашуун адам мерт болуп, 50дөйү жаракат алганын кабарлады.

Ал эми бүгүн Нажафтагы мүрзөгө кирип алган согушкерлерге сокку урулганда, төртөөсү өлүп, бир канчасы жарадар болду. Операцияга танктар менен тик учмалар да тартылган. Бүгүн эле АКШ баштаган аскерлер ас-Садрдын согушкерлери менен Нажафка коңшу Куфа жана Кербала шаарларында да кагылышты.

Орусиянын "Интерэнергосервис" деп аталган компаниясынын эки кызматкери Багдадда автоунаасы буктурмага кабылып, каза табышты. Алар менен бирге эки ирактык да мерт болгон. Бул - Иракта орусиялык жумушчуларга жасалган экинчи кол салуу. Орусиялык компаниялар Ирактагы жүздөгөн жумушчуларын мурда эле эвакуциялаган болчу. Эми өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги калган 200дөй жумушчуну алып келүү үчүн алгачкы учакты эртең жөнөткөнү жатат.

XS
SM
MD
LG