ИСЛАМАБАД. Пакистандын өкмөтү кечээ болгон эки жардырууга чет элдик террордук уюшмалардын тийешеси бар, деп эсептейт. Алардын божомолунда теракттарга "ал-Кайыданын" же "ал-Кайыда" түспөлүндөгү терордук топтор көмөктөшкөн. Кечээ Исламабадда чет элдик элчиликтер менен консулдуктар жайгашкан шаар чөлкөмүндө жарым сааттын аралыгында эки машине жардырылып, андан бир полицей курман болгон. 32 жөнөкөй киши жараат алган. Карачи шаарынын полиция башчысы, террордук топтор жакында жети согушкердин камакка алынгандыгы үчүн бийликтерден өч алгысы келип жатканын божомолдойт.